Билим берүүгө коюлган талап: Агартуу тармагындагы өзгөрүүлөргө талдоо

Аналитика Загрузка... 09 Июнь 2026 17:47
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстанда бөбөктөрдүн 80% бала бакча менен камсыздоо, мектепте билим алган балдардын үлүшүн 98%га жеткирүү жана жогорку ылдамдыктагы интернетке жеткиликтүү, санариптик платформаларды колдонгон билим берүү уюмдарынын үлүшүн 98%га чейин жогорулатуу. Бул талаптарды Агартуу министрлиги 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында жүзөгө ашыруусу керек. “Кабар” агенттиги министрлер кабинетинин планы кандай ишке ашырылып жатканы боюнча маалымат бир калыпта берүүнү улантат.

Учурда Кыргызстан боюнча 2 миң 394 мектеп болсо, аларда бир жарым миллион окуучу билим алат. Мындан сырткары, 76 кошумча билим берүү мамлекеттик уюмунда окуган балдардын саны 78,8 миңди түзөт. Жалпысынан 93 818 мугалим иштеп, дагы 600дөн ашуун педагогдун орду бош. Эң көп таңсыктык математика, физика, химия, информатика сабактары боюнча орун алууда.

Бала бакчалар туурасында айта турган болсок, 2026-жылдын 1-кварталына карата өлкө боюнча 3-5 жашка чейинки балдардын 51% (320 миң бала) мектепке чейинки билим берүүгө тартылды. Ал эми окуу китептериния жалпы жеткиликтүүлүгү 73,47%ды түздү. Анын ичинен 12 жылдыктын окуу китептери 16,19% жаңыртылып, 5 млнго жакын нуска окуу китеби жана окуу-методикалык комплекстер өлкө мектептерине таратылды. Аларды электрондук форматта да колдонсо болот. Коомчулук тарабынан кескин сындалып келген айрым көрүнүштөргө бөгөт коюу аракети туурасында айта турган болсок, учурда укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилип жатат.

Ага ылайык, мугалимдерди милдетинен тышкары иштерге тартууга, алардан мыйзамдарда каралбаган маалыматтарды суроого, мыйзамсыз текшерүүгө тыюу салынат. Мындан тышкары педагогдорго жумуш учурунда орой мамиле кылуу үчүн жоопкерчилик күчөтүлөт.

Ошол эле учурда окутуучулардын да жоопкерчилиги каралат. Алсак, мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчаларда, мектептерде мыйзамсыз каражат чогултуу, балдарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды кабыл алуудан негизсиз баш тартуу үчүн жоопкерчилик каралып, окуучуларга жана ата-энелерге психологиялык кысым көрсөтүүгө тыюу салынды. Дагы бир терс көрүнүш болуп эсептелген зомбулук жана башка укук бузуулардын алдын алуу максатында окуучуларга жана алардын ата-энелерине 5000ден ашык лекциялар, форумдар жана жолугушуулар өткөрүлгөн.

Бир эле “Э-Күндөлүк” тиркемесинин “Коркпо, билдир!” анонимдик функциясы аркылуу 1 жыл ичинде окуучулардан 30 000ден ашык билдирүү келип түшкөн. Бала тарбиясында ата-эне, мектеп жана коомчулуктун өз ара кызматташтыгын чыңдоо, өспүрүмдөрдүн коопсуздугу жана руханий өнүктүрүү, үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо, балдардын интернет коопсуздугу, адеп-ахлактык тарбия жана ата-энелик жоопкерчилик маселелери да бар. Агартуу министрлиги тарабынан мугалим, ата-эне жана баланын ортосундагы байланышты жакшыртуу максатында “Ата-энелер” мектеби программасы киргизилген. Ал эми ата-энелер менен өспүрүмдөрдүн үй-бүлөдөгү мамилесин жакшыртуу үчүн “Манас КОД” оюну боюнча мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Оюндун механикасы уламыш айтуу салтын улантып, окуяларды айтып берүүгө жана угууга чакырат. 2030-жылга чейинки өнүктүрүү программасында улуттук эмгек рыногунда талап кылынган адистиктер боюнча этабы менен тездетилген окутууну, кайра окутууну жана квалификацияны жогорулатууну камсыз кылуучу методиканы жана механизмди иштеп чыгуу тапшырмасы коюлган. Агартуу министрлиги кесиптик лицейлердин базасында жаңы кесиптердин ичинен жүк ташуучу автомобилдердин (трактардын) айдоочуларын даярдоо, электромобилдерди оңдоо, күн панелдерин орнотуу, лифттердин электромеханиги сыяктуу кесиптер киргизилгенин билдирди.

Ал эми санариптештирүү жараяны билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн арттырууга жана ашыкча машакаттардан кутулууга жардам бергенин белгилейт. “Билим берүү тутумунда "Мугалим", "Күндөлүк", "Мектеп", "Балалык", "Аттестат", STEM сабактары үчүн “Санарип Кампа” платформалары, окуу китептеринин электрондук версиялары үчүн "Окуу китеби", ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар жана мигранттардын балдары үчүн "Тунгуч" онлайн мектеби, негизги тейлөөлөргө жеткиликтүүлүктү камсыздаган "Билим", "Кесип" платформалары толук кандуу иштеп жатат.

Жалпы республикалык тест тапшыруучу окуучуларды акысыз даярдоо үчүн “Булак” маалымат системасы ишке киргизилгени маалым. ЖРТга, улуттук олимпиадаларга каттоо да санариптештирилди. Мектепти жаңы бүткөндөр үчүн “Мектеп 21 - санариптик технологиялар мектеби” түзүлдү.

Өлкөдөгү бардык мугалимдердин 50,8% ноутбук менен камсыздалган. Бала бакча, мектеп жетекчилерин тандоо үчүн сынактарды да автоматташтыруу механизми иштелип чыкты. Ал эми окуу-методикалык комплекстерди, окуу китептерин баалоону жүргүзүү үчүн “Эксперт” автоматташтырылган системасы иштеп жатат. Мектептеги тамактануу, аш тизмеги, балдардын так саны, азык-түлүккө муктаждык, чыгымдар да электрондук түрдө эсептелинүүдө”, — деп билдирди Агартуу министрлиги.

WhatsApp Image 2026-06-09 at 12.05.56.jpeg

"Деги эле билим берүү тармагында заман талап кылган жаңычылдыктар, аракеттер жүзөгө ашырыла бериши керек. Алардын бири — коомдун жана ата-энелердин билим берүүгө болгон мамилесин өзгөртүү зарылчылыгы. Бул туурасында “Кабар” агенттигине билим берүү боюнча эксперт Асылбек Жоодонбеков билдирди.

“Бүгүнкү күндө Агартуу министрлиги коомдогу бирден бир билим берүү институту катары чоң миссияны аткарып, чоң жоопкерчилик менен билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, потенциалын жогорулатуу мүдөөсүн аткарууда. Негизгиси, 12 жылдык билим берүү системасына өтүп алдык. Каалайбызбы, каалабайбызбы, кыргыз билим берүүсү дүйнөлүк стандарттарга ылайык иш жүргүзүшү керек. Бул тутум дүйнөнүн 150дөн ашык өлкөсүндө киргизилген.
Албетте, коомчулукта түрдүү көз караштар бар. Окуу китептери, мазмуну, уюштуруу иштери боюнча кемчиликтер болду. Бирок иш болгон жерде кемчиликтер болбой койбойт. Ошентсе да министр баштаган команданын чечкиндүү иш-аракеттери колдоого арзыйт. Бул арада мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу багытында кечиктирилгис аракеттер жүрүүсү зарыл. Педагогдор интерактивдүү сабактарды өтүүдө, балдардын өзүн таануусуна жардам берүүдө, ата-энелер менен кызматташууда өздөрүн өнүктүрүшү керек. Агартуучулар жогору жактан директиваларды күтпөстөн, өзүн өнүктүрүү боюнча жоопкерчиликтерин арттыруусу абзел. Aта-энелер да мугалимдерден кем калышпай, балдардын сапаттуу билим алуусуна кызыктар болсо. Ата-эне жана коомчулук мугалимдин мүдөөсүн түшүнүшү керек. Ата-энелердин да, коомчулуктун да маалыматтуу болушу шарт. Ошондо гана жаңылыш түшүнүктөр жоюлуп, система колдоого алынат.
Дагы бир белгилеп кетүүчү жагдай, мектептерде кыргыз тилин окутууга байланыштуу демилгелер колдоого алынса. Негизи, кыргыз билим берүү системасы көп тилдүү деп белгиленген. Анын үстүнө кыргыз тилин өнүктүрүү турмуш талабы. Педагогикалык кеңештин, мектептин чечими менен айрым сааттарды көбөйтүүгө муктаждык бар”, — деп билдирди Асылбек Жоодонбеков.

“Кабар” агенттиги 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча министрлер кабинетинин иш-чаралар планы мамлекеттик мекемелер тарабынан кандай аткарылып жатканы боюнча маалымат берүүнү улантат.