Эл аралык санкцияларды чектөө, Ысык-Көлдү сактоо жана дүйнөлүк чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү. Президент Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясындагы жалпы дебаттарда жасаган билдирүүсүнүн өзөгүн глобалдык деңгээлдеги ушул үч маселе түздү. Муну менен Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги тарыхый эки жылдык мүчөлүгү учурунда дүйнөлүк коомчулукту түйшөлткөн олуттуу жана курч маселелерди тайманбай көтөрө турганын ишарат кылды. Эксперттер президент Садыр Жапаров БУУнун трибунасын таасирдүү колдонгонун белгилеп жатышат.
Бул жолу Кыргызстан өзүнүн дымагын жана дараметин бүткүл дүйнөгө БУУнун трибунасы аркылуу жарыялады. Эң оболу, Бишкек БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга карата жаңы шайланган туруктуу эмес мүчөсү катары чыкты. Кыргызстандын 142 добуш менен бул позицияга шайланышы өлкөнүн тышкы саясатынын эң ири жеңиши экени маалым. Албетте, президент Садыр Жапаров өз сөзүндө бул үчүн дүйнө өлкөлөрүнө ыраазычылык билдирди.
Бул мүчөлүк Кыргызстанга глобалдык чечимдерди кабыл алуу процессине түздөн-түз катышуу мүмкүнчүлүгүн берет. Президент белгилегендей, Бишкек бул эбегейсиз мейкиндикте "чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин" үнү жана жактоочусу болот.
Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы ассамблеясынын дебаттарында сүйлөгөн сөзү эл аралык коомчулук тарабынан кызуу талкууланып жана дүйнө элин тынчсыздандырып жаткан бир нече маселени камтыды. Алардын башында санкциялар саясаты жана экономикалык чектөө эрежелерин киргизүү турат. Атап айтканда, Кыргызстан эл аралык санкциялар системасын түп-тамырынан бери өзгөртүүнү сунуштады. Эл аралык мамилелерде бир гана БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан макулдашылган жана жалпы коомчулук жактырган чечимдер гана мыйзамдуу күчкө ээ болуусу зарыл. Расмий Бишкектин позициясы ушул. Ал эми ири мамлекеттер санкция киргизерден мурда аны терең негиздеп бериши керек. Санкцияны чоң оюнчулар саясий жана экономикалык үстөмдүк үчүн курал катары колдонууга болбойт.
“Ар бир мамлекет өзүм билемдик кылбашы керек. "БУУ санкция салат" дегенди укканда ар бир мамлекет титиреп турушу зарыл, ошондо гана дүйнөдө катуу тартип орнойт”, - деди Садыр Жапаров.
Айтмакчы, бул позиция акыркы жылдары дүйнөдө күчөгөн геосаясий тирешүүлөрдүн жана топ-тобу менен киргизилип жаткан экономикалык чектөөлөрдүн экономикасы чакан мамлекеттерге тийгизген терс таасиринен улам келип чыкты. Ал эми Кыргызстан эл аралык стандарттарды колдонуп, өзү кол койгон эл аралык келишимдердин негизинде милдеттенмелерди так аткарып жатат. Андыктан бир тараптуу чектөөлөр милдеттүү түрдө аткарыла турган талап болуп эсептелбейт. Мындай пикири менен “Кабар” агенттигине берген маегинде Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев билдирди.
Ал биздин өлкө БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги эки жылдык мүчөлүгү маалында дүйнөлүк коомчулукту түйшөлткөн олуттуу маселелерди көтөрө турганын алдын ала жарыялаганын кошумчалады.

“БУУнун Башкы ассамблеясынын дебаттарында Кыргызстан эл аралык санкциялар системасын түп-тамырынан бери өзгөртүүнү сунуштады. Бул туура сунуш. Эмне үчүн күчтүү мамлекеттер өздөрүнүн кызыкчылыгын бизге таңуулап жатат. Ар бир элдин өзүнүн улуттук баалуулуктарына, ички өзгөчөлүктөрүнө жана кызыкчылыктарына шайкеш келген өнүгүү жолун тандоого толук акысы бар. Ар бир мамлекеттин өзүнүн жолу бар. Биз эл аралык стандарттарды колдонуп, эл аралык келишимдердин негизинде милдеттенмелерди аткарып жатабыз. Эл аралык келишимдерге жооп бере турган чечимдерди аткарабыз. Эл аралык укуктук мамилелер ушул принципке негизделиши шарт.
Ал эми айрым бир мамлекеттер же саясий блоктор тарабынан бир тараптуу киргизилген санкциялар жалпы дүйнөлүк коомчулук тарабынан жактырылган эл аралык келишим же талап эмес. Эң негизгиси, президент БУУнун трибунасын таасирдүү түрдө колдоно алды. Иш жүзүндө Кыргызстан Коопсуздук кеңешиндеги эки жылдык мүчөлүгү маалында эл аралык коомчулук талкуулап жаткан олуттуу маселелерди көтөрө турганын алдын ала жарыялады десе болот”, - деди Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев.
Ошондой эле өлкө башчысы дүйнөдөгү чыр-чатактарга токтолуп, Кыргызстан бардык маселелерди диалог жолу менен чечүүнү колдой турганын жана эл аралык талаштарда ортомчу болууга даяр экенин билдирди. Белгилей кетсек, биздин өлкө өзүнүн коңшулары Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара талаштарын тынчтык жолу менен чечүүдө чоң тажрыйба топтогон. Бул окуяны бир катар мамлекеттер кубаттоо менен кабыл алганы маалым.
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт, профессор Кубанычбек Чекиров “Кабар” агенттигине берген маегинде БУУ дүйнөнү тынчсыздандырып жаткан глобалдык чакырыктарга каршы пландуу жана чечкиндүү иш алып барышы керектигин белгиледи. Ал эми Кыргызстан жаратман иштерди колдойт жана кубаттайт.

“БУУ бүткүл дүйнөдөгү элдердин, мамлекеттердин арасындагы мамилелердин жөнгө салынуусунда чоң роль ойноп келген. Учурда дүйнөнүн кээ бир аймактарында, мисалы, Палестина, Иран-Израиль, Иран-АКШ, Украина-Россия окуяларын тынчтык жолу менен чечүүнүн мааниси чоң. Анын чечилишине БУУ өз салымын кошушу керек.
Дагы белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары бардык конфликттерди тирешүү жолу менен эмес диалог жана сүйлөшүү жолу менен жайгарылышы керектигин колдойт жана туура деп эсептейт.
Ал эми климаттык өзгөрүүгө байланыштуу маселе курч коюлууда. Өзгөчө мөңгүлөрдүн адаттан тыш эриши жалпы адамзатты ойлондура турган маселе. Бардык мамлекеттер ойлонуп таза суу менен камсыздоону, муздарды сактоонун туура чечилишин кубаттайбыз. Деги эле, азыр БУУ эл аралык коомчулукту тынчсыздандырган маселер боюнча пландуу иш алып баруусу керек болуп турат”, - деди дипломат Кубанычбек Чекиров.
Эл аралык эксперт жогоруда белгилегендей, климаттын өзгөрүшү чындыгында эл аралык коомчулукту түйшөлткөн маселелердин башында турат. Кыргызстан буга чейин тоо жана мөңгүлөрдү коргоо маселесин көтөрүп келсе, бул жолу президент Садыр Жапаров дүйнө коомчулугунун көңүлүн конкреттүү түрдө Ысык-Көлгө бурду. Ал көлдүн суусу акыркы 170 жылда 14 метрге, ал эми соңку беш жылда жылына 7 сантиметрден азайып жатканы тууралуу статистиканы жарыялады.
Жапаров Ысык-Көлдү сактоо боюнча Эл аралык трасттык фонд түзүүнү сунуштап, ага Кыргызстан өз жанынан 10 миллион доллар бөлөрүн айтты. Биздин мамлекет адаттагыдай дүйнө коомчулугунан жөн эле жардам сурабастан, сунуш берип, биринчи кадамды өзү таштоого даяр экенин билдирди. Анын үстүнө территориясынын 90%дан ашыгын тоолор ээлеген Кыргызстан климаттык иштер боюнча чоң тажрыйбасы бар.
Эске салсак, 2023-2027-жылдар аралыгы Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун алкагында тоолуу өлкөлөрдү туруктуу өнүктүрүү беш жылдыгы деп жарыяланып, бул үчүн атайын жол карта иштелип чыккан. Анын алкагында эл аралык климаттык фонддордун көңүлүн жана каржысын Кыргызстанга буруу аракетин көрүп келет.