Он бир күндүк ой толгоо. Учактагы узун ой

Улуу Жеңишке 80 жыл Загрузка... 28 Ноябрь 2025 22:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Данияр Исанов

Бардык материалдар

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Россиядагы тарыхы бай ТАСС агенттиги уюштурган “Жеңиш жолу” медиа-туруна КМШ мамлекеттеринин арасынан Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Армения жана Беларусиянын журналисттери катышты. Журналисттер он бир күн бою Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында эрдик көрсөткөн баатыр шаарларга барып, тарыхый жайларга күбө болушту. Биздин “Кабар” Улуттук маалымат агенттигинен кесиптештерибиз Данияр Исанов менен Бакыт Качкынов да “Жеңиш жолу” медиа-турунун катышуучулары болушту.

Анда эмесе, “Кабар” Улуттук маалымат агенттиги Данияр Исановдун жол очеркин кезек-кезеги менен сиздердин назарыңыздарга сунуштайт.

Жеңиш жолу

14-сентябрь күнү түштөн кийин саат экилерде кесиптешим Бакыт Качкынов экөөбүз алыска сапар аттандык. “Манас” аба майданынан Бишкек-Москва багыты боюнча учак ичинде олтуруп, колубуздагы кагаздарга үңүлүп болуп, Бакыт экөөбүз тең алдыда биз көрө турчу жерлерде мындан сексен төрт жыл илгери айыгышкан салгылаштар өтүп, элдин башына бүлүк түшкөн азаптуу күндөр болгонун айгинелеген тарыхый жайлар экенин кеп кылып жатканда учак ордунан козголду.

 Ортодо сөздөр түгөнгөн кезде, эми ойлорго кезек келди...

* * *

    Күүлдөгөн мотор үнүнө анчалык маани бербей, бирде иллюминаторго ыктай олтурган каптал жактагы кесиптешиме үңүлөм. Карасам, ал да өз ою менен алек...

– Ойдун салмагы канчалык?

– Ойдон оор нерсе бар бекен бу жарык дүйнөдө?!

– Ой аркылуу ойлор омкорулуп, тоолор томкорулат!

– Ой менен ааламда канчалаган ачылыштар жасалат!

– Ой менен аруу дүйнөлөр жаралат!

– Ой менен керек болсо адам өмүрүнө забын кылып, айлананы караңгылыкка чулгаган жексурлар, ааламга алаамат салгандар өттү...

– Бардыгы ойдон!

– Ой менен жашап, ой бүткөн кезде адам өмүрү токтойт. Андыктан жашоону шаңга бөлөп, күлкү чача турган ойдон өткөн бакыт барбы!? – дейм, учак ичинде баратып айланамда кудум биз сыяктуу сапар тартып бараткан адамдарга астейдил үңүлүп...

Учак көк булутту жиреп барат...

Убакыттын кантип өткөнү билинбеген бу зуулдаган доорго таңмын!? Күн кыскарып, өмүр кыскарып, кылган ишиңен оңою менен майнап чыгара албай убаракерчиликке батып атып, убакыт дайым тартыш болгон доордун өзгөчөлүгү эмнеде?

   Эмнеси болсо да ушул ааламдашкан, саат санап, керек болсо мүнөт сайын бизди таңыркатып улам бир ачылышын сунган XXI кылым – эми өткөн кылымдагыдай болбой биз жана бизден кийинки муундун асманы ачык эле болсо экен дейм!?

Учак зуулдап, учак ичинде оюбуз кошо зуулдап...

* * *

  9-Май!

  1985-жыл...

Айыл стадионунда эл шаңга толуп, айланада жалаң согуш тематикасындагы музыка жаңырат.

Ооба, бүгүн Улуу Жеңишке 40 жыл!

   Бүтүндөй советтик өлкөлөрдүн ичине бүлгүн салган согуштун тагынан ал кезде эл дале толук айыга элек кез. Кырк жыл бир караганда узак убакыт көрүнгөнү менен, өмүргө тойбогон адамзат үчүн өтө деле алыс аралыкты камтыбаган тариздүү.

    Он жашар бала болсом да калың элди аралап баратып, төштөрүндө орден-медалдары күнгө чагылышкан согуш ардагерлерине кызыга карайм. Менин баамымда алар негедир бүгүн майрам болсо да ичтеринен тынып, кулакка жаңырган музыкага кошо жуурулушуп ойлуу тунжурашкандай. А мен болсо алардан айырмаланып, кубанычка бөлөнөм. Анткени, 9-Май жалгыз эле ардагерлердин, жалпы советтик элдердин майрамы эмес, менин да майрамым!

     1975-жылы Улуу Жеңиштин 40 жылдыгы белгиленип жаткан так ошол 9-Май күнү жарыкка келипмин. Эми минтип жашым онго толуп, аркы-беркини аз-маз аңдап, азыр айылдагы майрамга күбө болуп олтургандагым. Оюмдун бардыгы айыл активдеринин узун кеби эмес, стадион ичинде өткөрүлчү спорттук оюн-зоокто.

     Бир оокумда алып баруучу микрофондон:

– Азыркы сөз айылыбыздан чыккан чыгаан уулубуз,Советтер Союзунун Баатыры Асанбек Оторбаевге билим берип тарбиялаган мугалими, согуш ардагери Сагынбек Бекназаровдо! – деп калды.

Сагынбек Бекназаров окуучусу Асанбек Оторбаевдин мектепте окуп жүргөндө эле намыска бек экендигин, кайсы бир ирет дене тарбия сабагынан узундукка секирүүдө ага “2” деген баа коюп койсо катуу арданып кетип үйүнө барган соң түнү менен машыгып чыкканын, кийинки сабакта ал болуп көрбөгөндөй көрсөткүчтү жасаганын кеп салып, кыял-жоругун эскерип өттү. Мен окуп билим алып жаткан мектеп Асанбек Оторбаевдин ысымын алып жүргөндүктөн, бу саам анын калың элдин арасынан өңүн көрбөсөм да баатыр тууралуу баянын угайын деп четте тыңшап көпкө турдум.

 Анан бир көчөдө жашап, бир класста окуган досум Жеңиш Жапаров мени көрө койдубу, далымдан таптап:

– Жүр, тээтигил жакка барып, күрөш көрөбүз! – деп ээрчитип жөнөдү.

Жеңиш экөөбүз дал ошол Улуу Жеңишти белгилеген 9-Майда жарыкка келгенбиз. Жеңиш деп ошон үчүн ата-энеси ага ысым ыйгарышкан.

– Аа, эмнеге атың Данияр?– Эмнеге Жеңиш эмес? – деген суроолорго көп кабылам.

Атам кесиби экономист болсо да адабиятты аздектеген адам. Мага Жеңиш ысымын коём деп жатканда Сабырдын уулу менден жети-сегиз саат эрте жарыкка келип, ымыркайына Жеңиш аты коюлуп калганын угат. Анан дароо өзү бир кезде бала күнүнөн сүйүп окуган Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повестин эстей калат. Эстейт да, чыгармадагы Даниярдын образын көңүлүндө бийик көргөндүктөн, ал деле согушка катышкан каарман деп мага Данияр деген ат коюлат.

* * *

    Улуу Жеңиштин 40 жылдыгы белгиленген ошол күндөн бери карай дагы туптуура 40 жыл өттү. 40 жыл ичинде согуш ардагерлеринин канча миңдейи арабыздан узап кетти. Ардагерлерибиздин көбү ошол апааттуу учурдун күбөсү катары биздин катарыбызда эле өмүр сүрүп жүргөн кезде кокус бет келип калсак, согуштан кеп салып бериңиз деген суроого бүшүркөй карап, үнсүз тунжурап олтуруп калышчу. Ардагерлер согуш тууралуу кенен-кесири, ар бир окуяны майда-баратына чейин сүрөттөп айтканды сүйчү эмес. Арасынан сөзгө чечендери гана согуш талаасындагы алааматтарды кыскача баяндап тим болушчу. Ким билет? Балким, алар ошол асмандан жааган бомбалардын жер бетин жексен кылып, жанында жүргөн эле жакын курбусу кечээ эле окоп ичинде олтуруп жеңишке жетсек, анан үйгө эсен кайтсак сүйүктүүм менен бирге түтүн булатам деген кыялы ойрон болуп окко учканын, бирлери айылда калган алган жары менен караанынан кагылган энесин, а бирлери балдарын эстеп эзилгенин, анан эле душман кол салып же алдыга чабуулга аттанган чакта күтүүсүз жерден ажал мойсоп, бу өмүргө тойбой көзү ачык кеткенин эстегиси келбей дүйнөлөрүнө дүрбөлөң түшкөндүр!?

Согушту көргөн адам – оңой менен согуштан сөз козгобойт!

(Уландысы бар)