Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык акыркы жылдары ырааттуу өсүү тенденциясын көрсөтүп, эки өлкө Евразия экономикалык биримдигинин алкагында өз ара сооданы кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруп келет. Айыл чарба, өнөр жай, кайра иштетүү жана логистика тармактарына негизделген бул алакалар товар жүгүртүүнүн көлөмүн арттырып, экспорттук-импорттук структураны кеңейтүүгө шарт түзүүдө.
Кыргызстан менен Беларусь ортосундагы соода-экономикалык байланыштар негизинен айыл чарба, өнөр жай жана кайра иштетүү тармагына басым жасайт. Кыргызстан Беларуска көбүнчө пахта, текстиль буюмдары, айыл чарба азыктары, ошондой эле айрым жеңил өнөр жай продукцияларын экспорттойт.

Ал эми Беларусь Кыргызстанга негизинен өнөр жай продукцияларын жана техникалык товарларды экспорттоп келет. Алардын ичинде тракторлор, айыл чарба техникалары, жүк ташуучу унаалар, автотетиктер, ошондой эле сүт азыктары, эт жана консерваланган азыктар бар. Мындан тышкары, химиялык продукциялар, дары-дармектер жана курулуш материалдары да Беларустан Кыргызстанга көп келет.
2020-2025-жылдар аралыгында Кыргызстандын Беларусь менен болгон товар жүгүртүүсү 4,5 эсеге көбөйүп, 46 млн АКШ долларынан 206 млн АКШ долларына жетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Беларусь премьер-министри Александр Турчиндин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында ЖМК өкүлдөрүнө билдирүү жасоодо маалымдады.
Экспорттук жана импорттук негизги товар топтору
Расмий маалымат боюнча 2025-жылдын январь-июнь айларында эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 68 млн долларды түзүп, анын ичинен экспорт 22 млн доллар, импорт 46 млн долларды түзгөн. Бул товардык экспорттун негизин автоунаалар үчүн запастык бөлүктөр түзөт. Калган бөлүгүн өнөр жай жана тамак-аш өндүрүшү үчүн механикалык жабдуулар, ун жана эт азыктары сыяктуу азык-түлүктөр толуктайт. Беларусь Кыргызстанга 45,3 млн долларга товар жеткирген. Баарынан көп ташылып келген товарлар — трактор, сыр, быштак жана курулуш үчүн сүрүндү жыгач тактасы. Белгилей кетсек, бул товардык топтор өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн негизги бөлүгүн түзөт.

Соода алакадагы транспорт жана логистика
Кыргызстан менен Беларусь чектеш жайгашпагандыктан, өлкөгө жүктөр негизинен ЕАЭБ алкагында Россия жана Казакстан аркылуу ташылып келет. ЕАЭБдин келишимдеринин негизинде уюмга мүчө мамлекеттерге жүктөр эркин жүргүзүлөт. Ал эми ЕАЭБ аркылуу башка мамлекеттерге жүк уруксат кагаздын негизинде ташылат. Ташып келүүнүн негизги түрлөрү кеңири колдонулган автотранспорттор, темир жол. Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соодасында Россия жана Казакстан негизги транспорттук коридор катары кызмат кылат. Статистикалык маалыматтар боюнча, Кыргызстандын ЕАЭБ менен болгон соодасынын басымдуу бөлүгү дал ушул эки өлкөгө туура келет. Белгилей кетсек, Беларусь премьер-министринин расмий сапарынын алкагында кыргыз тарап Беларуска туруктуу каттам ачуу маселесин кароону да сунуштады.

Соода жүгүртүүнү жарым миллиардга жеткирүү
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Беларусь премьер-министри Александр Турчиндин бүгүнкү эки тараптуу жолугушуусунда эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү 2030-жылга чейин 500 млн долларга жеткирүүнүн келечектүү багыттары белгиленди.
"Биздин кызматташтыктын эң келечектүү багыттарынын бири – өнөр жай кооперациясы. Кыргызстан даяр продукцияны импорттоого гана эмес, өндүрүштү терең локализациялоого, биргелешкен ишканаларды түзүүгө, технологияларды трансферттоого жана заманбап сервис инфраструктурасын өнүктүрүүгө да кызыкдар. Бүгүн биз машина куруу, электротехника өнөр жайы, коммуналдык техника, лифт жабдуулары жана кайра иштетүү өнөр жайы тармактарында өз ара аракеттенүүнүн мыкты келечегин көрүп жатабыз", - деди Адылбек Касымалиев.
Мындан тышкары, айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу, энергетика, туризм сыяктуу башка маанилүү өз ара аракеттенүү багыттары белгиленди.
Белгилүү Беларусь трактор импорту
Кыргызстанга экспорттолгон негизги товарлардын бири тракторлор. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы боюнча, айыл чарба техникаларына болгон жетишсиздик көйгөйү активдүү импорттун эсебинен чечилүүдө. Акыркы жылы өлкөгө 8 миңден ашык айыл чарба техникасы алынып келген. Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстанга айыл чарба техникалары эң көп Кытайдан экспорттолууда.

Маалымдалгандай, 2025-жылдын алгачкы 10 айында Кыргызстанга Кытайдан тракторлорду импорттоо көлөмү 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9%га өскөн. Ал эми 2025-жылдын январь айынан октябрь айына чейин Кыргызстан Кытайдан жалпы 55,7 млн долларга 3,3 миң трактор жана жарым чиркегич тартуучу унаа импорттогон. Ал эми 2024-жылдын ушул эле мезгилинде өлкөгө 3 миңге жакын техника алынып келип, алардын баасы 28 млн долларды түзгөн.
Мындан тышкары, Кыргызстан тракторлорду Литва, Беларусь, Япония, Корея өлкөлөрүнөн импорттойт. Статистика комитетинин маалыматы боюнча 2025-жылдын январь - октябрь айларында Беларустан 10 млн 579 миң долларга 480 трактор экспорттолгон.

Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров биз мурда Беларусь тракторлорун көп алып келгенибизди, бирок сапаттуу болгону менен баасы кымбат болуп жатканын "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
"Кытайдын ички саясаты ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге салыштырмалуу өзгөчөлөнүп турат. Ал жакта оор техника, унаа жана айыл чарба техникаларын чыгарган компанияларга мамлекет тарабынан кеңири субсидиялар жана жеңилдиктер берилет. Буга чейин Кыргызстан негизинен Беларусь тракторлорун көп алып келген. Бирок айрым учурларда сапаты жогору болгону менен баасы кымбат болуп келгендиктен, акыркы жылдары Кытай техникаларына болгон суроо-талап өсүүдө. Кытай техникасы арзаныраак болгон менен, сапаты да акырындап жакшырган. Учурда эки өлкө ортосунда ар кандай келишимдерге кол коюлуп, анын негизинде лизинг сыяктуу механизмдер аркылуу техника алуу маселеси да талкууланып жатат. Бул багыт ишке ашса, Беларусь техникаларынын да кайрадан көбүрөк келүүсүнө шарт түзүлүшү мүмкүн.
Мурда Кыргызстан Беларустан тракторлордон тышкары троллейбус жана автобустарды да алып келген. Адистердин пикиринде, товар жүгүртүүнү белгиленген деңгээлге жеткирүү үчүн ушул сыяктуу багыттарды да эске алуу зарыл. Беларусь өндүрүшү негизинен өнүккөн тармак катары бааланып, алардын продукциясы сапаттуу деп эсептелет. ЕАЭБ алкагында салык жана бажы төлөмдөрүн бирдиктүү тартипке келтирүү биримдик ичиндеги товарларды сатып алууну дагы да жеңилдетери айтылат", — деди Абдыров.

Кыргыз – Беларусь кызматташтыгы
Белгилей кетсек, аталган эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыш негизинен ЕАЭБдин алкагында өнүгүп келет. Ошону менен бирге Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-декабрында 5,9 млрд АКШ долларын түздү. Мында ЕАЭБ алкагында Кыргызстандын Беларусь менен экспорттук жүгүртүүсү 3,9%, импорттук жүгүртүүсү 3,4% түзгөн. Ал эми ЕАЭБ түзүмүндө республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга — 64,9 пайызга жана Казакстанга — 31,5 пайызга туура келет.

Адистер белгилегендей, акыркы жылдары Беларусь ЕАЭБ алкагында соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө басым жасоодо. Беларустун премьер-министри Александр Турчиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Бишкекте өткөн кыргыз-беларусь бизнес-форумунун алкагында жалпы суммасы 5 млн АКШ долларын түзгөн 21 келишимге кол коюлушу мунун ачык мисалы.
Биримдиктин жана өз ара кызматташтыктын алкагында эки өлкөнүн ортосунда соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүү мүмкүн экендигин Абдыров белгиледи.
"Кыргызстан менен Беларусь мамлекетинин ортосунда ЕАЭБдин алкагында ич ара соода алакаларыбыз өсүп келе жатат. Кыргызстан менен Беларустун товар жүгүртүүсү 500 млн доллардын тегерегинде болушу толугу менен мүмкүн. Анткени, ЕАЭБдин алкагында ирилештирүү, кооперация, өндүрүш, илим тармагы боюнча президентибиз бир топ демилгелерди көтөргөн. Бардыгы жакшы бир жыйынтыктарын берет", — деди ал.
Жыйынтыктап айтсак, 2027-жана 2030-жылдарга чейинки эки Жол картасынын алкагында товар жүгүртүүнү жарым млрд долларга жеткирүүдде Кыргызстандын логистика, айыл чарба, жеңил өнөр жай, энергетика жана туризм тармактарындагы мүмкүнчүлүктөрүн, ал эми Беларустун өнөр жай, машина куруу, айыл чарба технологиялары жана илимий-өндүрүштүк тажрыйбасын колдонуу пландалууда.