Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Түштүк Кореянын эң ири гезиттеринин бири болгон Chosun Ilbo басылмасынын журналисттерине маек берди.
Агенттиктин маалыматына караганда, маекте Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, кореялык инвестицияларды тартуу жана эки өлкөнүн ортосундагы ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери айтылды.
Корей өнөктөштөр менен кызматташуунун келечеги тууралуу сөз кылып жатып, Равшанбек Сабиров медицина, жасалма интеллект жана санариптик технологиялар, маалыматтарды иштетүү борборлору, "жашыл" энергетика жана технологиялар, ошондой эле жогорку технологиялуу өндүрүш сыяктуу багыттарды белгиледи.
Анын айтымында, Кыргызстан даяр технологияларды тартууга гана эмес, аларды жергиликтештирүүгө, тажрыйба жана компетенцияларды өткөрүп берүүгө, биргелешкен иштеп чыгууларды жүргүзүүгө жана жергиликтүү адистерди даярдоого да кызыкдар.
"Биз технологияларды жөн гана киргизүүнү эмес, аларды өнөктөштөр менен биргеликте түзүүнү жана Кыргызстанды Борбордук Азиянын рынокторуна чыгуу үчүн аянтча катары пайдаланууну каалайбыз", - деп белгиледи Равшанбек Сабиров.
Chosun Ilbo Түштүк Кореядагы ири күнүмдүк гезиттердин бири. Басылма өлкөдөгү улуттук басма гезиттердин арасында жогорку тиражы жана кеңири аудиториясы менен айырмаланып, таасирдүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын катарына кирет.