Майлуу-Сууда чакан ГЭС курулушу мүмкүн

Коом
WhatsApp Image 2026-11-03 at 10.02.16.jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 10.02.17 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 10.02.17.jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 10.02.18.jpeg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 10.02.19.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров бүгүн кытайлык CSCEC компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.

Агенттиктен билдиришкендей, анда тараптар Кыргызстандагы инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду талкуулашты.

"Атап айтканда, Майлуу-Суу шаарында кубаттуулугу 26 кВт болгон чакан ГЭС куруу жана Асман шаарын өнүктүрүү демилгелери каралды. Ошондой эле компаниянын долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрү, каржылоо тартуу жана мамлекеттик колдоо маселелери талкууланды", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантууга жана сунушталган долбоорлорду мындан ары иштеп чыгууга кызыкдар экенин билдиришти.