Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын биргелешкен AKFA Glass ишканасы Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) айнек жана алюминийден жасалган терезе-эшик конструкцияларын жеткире баштады. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, биргелешкен ишкана түзүү боюнча макулдашууга 2021-жылы президент Садыр Жапаровдун Ташкентке болгон сапары учурунда жетишилген.
"Ишканага 5,5 млн доллар инвестиция салынды. Ал 2026-жылдын август айында ачылып, учурда Мамлекеттик ипотекалык компания үчүн терезе-эшик конструкцияларын өндүрүп, жеткирип жатат. Азырынча ишкана рыноктун керектөөсүнүн 15-20 пайызын гана камсыздай алат. Кыргызстанда ушундай багытта иштеген дагы үч өндүрүш бар", — деди Сабиров.
Ишканада 100гө жакын жумуш орду түзүлгөн. Анда жергиликтүү тургундар эмгектенет, орточо айлык акы 50 миң сомду түзөт.
Агенттиктин жетекчисинин маалыматына караганда, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу жалпы суммасы 100 млн долларга жакын 37ден ашык долбоор ишке ашырылууда.
Мындан тышкары, Кыргызстан менен Өзбекстан өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү, ошондой эле кыргыз эт жана сүт азыктарын Өзбекстандын рыногуна жеткирүүнү көбөйтүүнү көздөп жатат.
"Эки өлкөнүн президенттери соода жүгүртүүнү азыркы 1,2 млрд доллардан 2 млрд долларга жеткирүү боюнча макулдашкан. Бул үчүн биргелешкен өнөр жай ишканаларын өнүктүрүп, ата мекендик продукциянын экспортун кеңейтүү зарыл", - деп белгиледи Сабиров.
Ал ошондой эле быйыл Кыргызстанда 100дөн ашык өнөр жай ишканасы ачылганын билдирди. Жыл аягына чейин дагы 30дан ашык өндүрүштү ишке киргизүү пландалууда. Келечекте жыл сайын кеминде 100 ишкана ачуу максаты коюлган.