Бүгүн "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Равшанбек Сабиров бир күндүк иш кунүн журналисттерге көрсөтүп берди. Ал алгач AKFA Glass ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Андан кийин Бишкектин Чыгыш айланма жолунун курулушун жеринен көрүп, долбоордун жүрүшү тууралуу маалымат алды. Иш сапардын жүрүшүндө өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөр жана курулуш иштеринин учурдагы абалы көрсөтүлдү.
Медиа долбоор инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышын жана алардын өлкөнүн экономикасына кошкон салымын коомчулукка таанытууга багытталган.