Микрофинансылык уюмдардын активдери 81,4 млрд сомго жетти

Экономика 21 сентябрь 2026 11:45
Микрофинансылык уюмдардын активдери 81,4 млрд сомго жетти
copyright icon Улуттук банк

Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда микрофинансылык уюмдардын жалпы активдери 2026-жылдын 30-июнуна карата 81,4 млрд сомду түздү.

Улуттук банктын маалыматына караганда, бул 2025-жылдын аягындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 8,5 млрд сомго көп.

"Микрофинансылык уюмдардын кредит портфели 68,7 млрд сомго жетип, 7 млрд сомго өскөн. Мындан тышкары, ислам принциптери боюнча каржылоонун көлөмү 2,3 млрд сомду түзүп, 0,3 млрд сомго көбөйгөн. Ал эми микрофинансылык уюмдардын уставдык капиталы 15,8 млрд сомго жетип, 0,8 млрд сомго өскөн", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле микрофинансылык уюмдардын жалпы депозиттик базасы 3,7 млрд сомго көбөйүп, 14 млрд сомду түздү.