Кыргызстан экономикасынын өсүшүн инвестиция жана ички суроо-талап камсыздоодо

Экономика 21 сентябрь 2026 13:25
Кыргызстан экономикасынын өсүшүн инвестиция жана ички суроо-талап камсыздоодо
copyright icon WWW

Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. 2026-жылдын январь-август айларында Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) 11% өстү. Мындай маалымат Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) жумалык макроэкономикалык серебинде келтирилген.

"Инвестициялар негизги кыймылдаткыч күч болууну улантып, 61,2%га өстү. Ички суроо-талаптын жогорулугу да колдоо көрсөтүүдө: чекене соода 14,9%га, ал эми мейманкана жана ресторан кызматтарынын көлөмү 9,1%га көбөйдү", – деп айтылат ЕАӨБдүн маалыматында.

Ошол эле учурда эксперттер керектөө бааларынын өсүшүнө көңүл бурушууда. 8 айдын жыйынтыгы боюнча инфляция 12%ды түздү. Ага күйүүчү-майлоочу материалдын кымбатташы, коммуналдык кызматтардын тарифтеринин жогорулашы жана керектөө активдүүлүгүнүн өсүшү таасир этүүдө.

ЕАӨБ Кыргызстандын экономикасынын өсүшү жыл аягына чейин эки орундуу көрсөткүчтөрдү сактайт деп эсептейт.