Чүй облусунун башчысы ардагерлерди куттуктады

Улуу Жеңишке 80 жыл Загрузка... 09 Май 2025 17:29
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 09.05.25. /Кабар/. Бүгүн, 9-майда президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин, Ленинград блокадасынын катышуучуларын жана тыл эмгекчилерин Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы менен кызуу куттуктады.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Улуу Жеңишке баа жеткис салым кошкон бардык баатырларга президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун жана президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн атынан терең урмат-сый жана ыраазычылык билдирилди.

Ыйгарым укуктуу өкүл ардагерлерибиздин кайраттуулугу, берилгендиги жана теңдешсиз эрдигинин аркасында биз бейпил асман астында жашап жатканыбызды белгиледи. Согуштун жана блокаданын тирүү катышуучуларына атайын ыраазычылык сөздөрү айтылды, анын ичинде:

• Межуев Семён Николаевич (Ленинское айылы, Аламудун району),

• Жаманкулова Кошкоро (Кара-Балта),

• Шалнов Антон Семенович (Кара-Балта шаары),

• Николай Николаевич Соколов (Кара-Балта),

• Тамара Павловна Кустовая — Ленинград блокадасынын катышуучусу (Шопоков шаары).

Аларга президенттин куттуктоолору жана эстелик белектер тапшырылды.

“Ошондой эле ардагерлерди социалдык жактан колдоо жана камкордук көрүү маселелерине мамлекет тарабынан мындан ары да көңүл бурулары баса белгиленди”,-деп айтылат маалыматта.