Чүйдө жыл аягына чейин 42 ири өнөр жай ишканасы ишке киргизилет

Экономика 15 октябрь 2026 12:30
Чүйдө жыл аягына чейин 42 ири өнөр жай ишканасы ишке киргизилет
copyright icon WWW

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Чүй облусунда жалпы инвестициялык көлөмү 51,4 млрд сомду түзгөн 28 ири долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө быйыл ишке киргизүү пландалган 100 өнөр жай ишканасынын 42си Чүй облусуна туура келет. Эгемендүүлүк күнүнө карата алардын 29у ачылган, ал эми жыл аягына чейин дагы 13 өндүрүш ишканасын ишке киргизүү пландалууда.

Долбоорлордун арасында логистикалык борбор, килем жана айнек өндүрүүчү заводдор, ошондой эле жылына 200 тонна балык өндүрүүгө жөндөмдүү балык чарба кластери бар. Мындан тышкары, райондордо жана айыл өкмөттөрүндө чакан жана орто бизнес объектилери ачылып жатат.