Бишкек, 10.10.26. /Кабар/. Борбор кааладагы “Ала-Тоо” аянтында Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө. Анда алгач Кыргызстандын тарыхы, Чүй облусунун басып өткөн жолу чагылдырылган сахналаштырылган коюм тартууланды.
Белгилей кетсек, иш-чарага президент Садыр Жапаров, мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, шаар тургундары жана коноктору катышууда.
Иш-чаранын алкагында президенттин Чүй облусундагы өкүлү Элкинбек Аширбаев быйыл президенттин Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен облуста 67 социалдык объектте курулуш жана оңдоо иштери жүргүзүлүп жатканын “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, социалдык объекттердин 31и жаңыдан курулуп жатса, 36сында мурда кайтарылып алынган бала бакчаларды жана токтоп калган социалдык объекттерди капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Алардын арасында мектептер, бала бакчалар жана ооруканалар бар.
“Бул 67 объект жылдын аягына жана кийинки жылдын башталышына чейин толук бүтүп калат. Ал жерде бала бакча, мектеп жана ооруканалар бар. Андан тышкары, жалпысынан бизде 27 социалдык объектте иш жүрүп жатат. Ал эми өндүрүштү алсак, быйыл 46 ишкананы ишке киргизебиз дегенбиз, бүгүнкү күнгө чейин 22си ишке кирди, калгандарын жакынкы күндөрү ишке киргизүү пландалууда”, — деди Аширбаев.
Ошондой эле ал өлкөдө өнөр жай, айыл чарба жана экономика тармактарында өсүш болуп жатканын белгилеп, Чүй облусунда да өнүгүүгө багытталган иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.