Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Бишкек шаары менен Чүй облусунда жалпысынан 908 миң 274 унаа катталган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков билдирди.
Анын айтымында, мындан тышкары, жакынкы райондордон күн сайын жумушка, окууга жана башка максаттарда келген унаалар борбор калаанын жол тармагына кошумча жүктөм жаратууда.
“Транспорттук тыгындарды азайтуу максатында Бишкек шаарында жолдорду куруу жана оңдоо иштери жүргүзүлүп келет. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын аягына карата борбор калаада жалпы узундугу 154,2 чакырымды түзгөн 141 автомобиль жолунун тилкесинде иштер башталган. Анын ичинен 76 тилкеде 70 чакырым жолду куруу жана оңдоо иштери аяктап, калган 65 тилкеде иштер улантылууда.
Ошондой эле борбордук көчөлөргө түшкөн транспорттук жүктөмдү азайтуу үчүн узундугу 16,2 чакырымды түзгөн чыгыш айланма автомобиль жолун куруу долбоору ишке ашырылууда. Мындан тышкары, батыш айланма автомобиль жолун өнүктүрүү боюнча долбоорлоо, трассаны аныктоо жана тиешелүү даярдык иштерин жүргүзүү маселелери каралууда”,- деди ал.
Акунбеков белгилегендей, шаардагы коомдук транспорттун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана автобус паркын жаңыртуу багытында да иштер жүргүзүлүүдө. 2026-жылы Бишкек шаарынын автобус паркы 95 жаңы заманбап автобус менен толукталган.