Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Норвегиядагы жаңы автомобилдердин арасынан октябрь айында Кытай бренддеринин үлүшү рекорддук 22,5 пайызга жетти. Бул бир жыл мурунку 16,9 пайыздан жогору экенин Синьхуа агенттиги Норвегиянын Жол федерациясына шилтеме менен билдирди.
Октябрда 3534 унаа кытай бренди менен катталган. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 1879 болгон. Норвегиянын жол федерациясынын маалыматы боюнча, кытай бренддеринин үлүшү июль айында белгиленген мурунку 22,1 пайыздык рекорддон ашып түштү.
Маалыматка караганда, XPeng компаниясы каттоолор боюнча бардык автоунаа бренддеринин арасында бешинчи орунда турат.
"Азыр жаңы беш унаанын биринен көбү кытай бренддери жана алардын саны бир жылдын ичинде дээрлик эки эсеге көбөйдү. Кыска убакыттын ичинде кытай бренддери Норвегиянын автоунаа рыногундагы калыптанган оюнчуларга айланды", - деп билдирет Норвегиянын Жол федерациясы.