Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. "Автомобильный" бажылык тариздөө жайында жеңил унаалардын 88 пайызы 10 мүнөткө жетпеген убакытта өткөрүлүүдө.
Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, орточо тариздөө убактысы 3 мүнөттү түзөт.
"2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында унаалардын 10%га жакыны гана 10 мүнөткө жетпей таризделсе, октябрь айында бул көрсөткүч 88%га жеткен. Мындай натыйжа бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана тобокелдиктерди башкаруу системасын өркүндөтүү аркылуу камсыздалган", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын сентябрынан тартып "Автомобильный" бажылык тариздөө жайы "Силк Роуд Моторс" жаңы убактылуу сактоо кампасынын аймагында иштеп жатат.