Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында 138 млрд 993 млн сом бажы төлөмдөрү чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев “Биринчи радиодон” билдирди.
Анын айтымында, Бажы кызматына 9 айга 132 млрд 880 млн сом өлчөмүндө план бекитилип берилген.
“Жалпы 2026-жылга Бажы кызматына план тапшырма 157 млрд 555 млн өлчөмүндө бекитип берилген. Бул былтыркы жылга караганда абдан жогору. Ал эми 9 айга 132 млрд 880 млн сом өлчөмүндө план бекитилген. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 130 пайызга көп. Биз Бажы кызматы 138 млрд 993 млн сом өлчөмүндө план аткардык. Бул 6 млрд 113 млн сомго көп деп эсептесек болот”,- деди Салиев.