Быйыл Бажы кызматы планды 45 млрд сомго ашык аткарууну көздөөдө

Экономика 12 октябрь 2026 14:50
Быйыл Бажы кызматы планды 45 млрд сомго ашык аткарууну көздөөдө
copyright icon Кабар

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы 2026-жылы бажы төлөмдөрүнөн 187 млрд сом чогултууну көздөйт. Бул тууралуу кызматтын төрагасы Улан Кимсанов "Заманбап бажы" эл аралык форумунда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылга баштапкы план 142 млрд сом деп бекитилген. Учурда мекеме бул көрсөткүчтү 45 млрд сомго ашырууну пландап жатат.

"2020-жылы бажы төлөмдөрүнөн 21 млрд сом түшсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 158 млрд сомго жеткен. Учурда ай сайын орточо 16 млрд сомго жакын төлөм чогултулууда", - деп айтылат маалыматта.

Ал кирешелердин өсүшүн бажы кызматын модернизациялоо, өткөрүү пункттарын жаңылоо, жол-жоболорду санариптештирүү жана товарларды өткөрүү менен тариздөө процесстерин оптималдаштыруу иштери менен байланыштырды. Бул багытта башка мамлекеттик органдар да кызматташып жатканын белгиледи.