Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешме өткөрдү.
Министрлер кабинетинин башчысы 2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин киреше бөлүгү жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жатканын белгиледи.
"Республикалык бюджеттин кирешелери 608,1 млрд сомду түздү, бул пландалган көрсөткүчтөн 22,7 млрд сомго көп. План 103,9%га аткарылды. Мамлекеттик салык кызматы чогулткан киреше 259,8 млрд сомду түздү, план 103,6%га аткарылды. Мамлекеттик бажы кызматы чогулткан киреше 139,0 млрд сомду түздү, план 104,6%га аткарылды. Жыл аягына чейин оң динамиканы сактоо менен бирге бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышын, ошондой эле каралган каражаттардын өз убагында жана натыйжалуу өздөштүрүлүшүн камсыз кылуу зарыл", – деди ал.