Бишкекте үй шартында мыйзамсыз ичимдик өндүргөн жай табылды

Укук тартиби
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарында үй шартында мыйзамсыз алкоголдук продукция даярдоо фактылары аныкталды.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, анын жүрүшүндө 218 литр ичимдик жана 224 миң 557 даана жасалма акциздик марка алынды.

Алынган продукция боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, мыйзамсыз түрдө спирт жана алкоголдук продукцияны өзгөчө ири өлчөмдө өндүргөндөргө 50 миң сом айып пул салуу же беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

Мамлекеттик салык кызматы жарандарды жана ишкерлерди акциздик товарларды мыйзамсыз даярдоодон, сактоодон жана сатуудан алыс болууга чакырды.