Бишкекте үйлөрдөн мыйзамсыз алкоголь өндүрүү аныкталды

Укук тартиби
Бишкекте үйлөрдөн мыйзамсыз алкоголь өндүрүү аныкталды

Бишкек, 24.10.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарындагы үйлөрдөн алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүрүү фактыларын аныктады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулар борбор калаанын Ленин жана Биринчи май райондорундагы турак үйлөрдөн аныкталган. Текшерүүлөр акциздик товарларды мыйзамсыз өндүрүүгө жана жүгүртүүгө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында өткөрүлгөн.

Аныкталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлдү.

Мамлекеттик салык кызматы акциздик товарларды өндүрүү жана жүгүртүү мыйзам талаптарын сактоо менен жүргүзүлүшү керектигин эскертти.