Кыргызстандын бажы төлөмдөрү беш жылда 654 пайызга өстү

Экономика 12 октябрь 2026 15:00
Кыргызстандын бажы төлөмдөрү беш жылда 654 пайызга өстү
copyright icon Кабар

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда бажы төлөмдөрүнөн түшкөн каражат 2020-жылга салыштырмалуу 2025-жылы 654 пайызга өстү. Өткөн жылы Мамлекеттик бажы кызматы мамлекеттик бюджетке 1,8 млрд доллар которгон. Бул тууралуу Бажы кызматынын төрагасынын кеңешчиси Медет Турсалиев "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бажы кызматын реформалоо 2021-жылы башталып, үч негизги багытты камтыган. Алар – жүктөрдүн чек арадагы өткөрүү пункттарынан өтүшү, бажы терминалдарына жеткирилиши жана бажылык тариздөө процесстери.

"Инфраструктураны өзгөртпөстөн, чек арадагы процесстерди жөнөкөйлөштүрдүк. Натыйжада 2025-жылы жүк агымы 2020-жылга салыштырмалуу 554 пайызга көбөйдү", – деди ал.

Белгиленгендей, 2025-жылы бажы кызматкерлеринин саны 1 миң 173 адамды түзгөн. Анын маалыматына караганда, бюджетке түшкөн каражаттын көлөмүн кызматкерлердин санына бөлгөндө, бир кызматкерге жылына орточо 1,5 млн доллардан туура келет.

Турсалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун маалыматына таянып, Азия-Тынч океан аймагында бир кызматкерге туура келген бюджеттик түшүүлөрдүн орточо көрсөткүчү 610 миң долларды, эң жогорку көрсөткүчү 1 млн долларды түзөрүн айтты. Ал эми Чыгыш Европаны жана мурдагы СССР өлкөлөрүн камтыган Европа аймагында бул көрсөткүчтөр тиешелүүлүгүнө жараша 270 миң жана 610 миң долларды түзөт.

Ал Кыргызстандын көрсөткүчтөрү аталган аймактардагы көрсөткүчтөрдөн жогору экенин белгилеп, бажы кызматынын кадрдык потенциалын мындан ары да өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.