Бажы кызматы 2025-жылдын I кварталында 31,1 млрд сом чогултту

Экономика 8 апрель 2025 11:46
Бажы кызматы 2025-жылдын I кварталында 31,1 млрд сом чогултту
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы 2025-жылдын I кварталында бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн 31,1 млрд сом өлчөмүндө камсыз кылды.

Ведомстводон билдиришкендей, киреше планы 100,9%га аткарылды же 286,9 млн сомго көп чогултулду.

Бажы кызматы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө жана өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө салым кошууну улантууда.