Бишкек, 08.10.26 /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы социалдык тармактарда бажы кампаларынан товарларды, анын ичинде техниканы сатуу тууралуу тараган маалыматтарга байланыштуу жарандарга эскертүү жасады.
Ведомствонун маалыматына караганда, бажы органдары убактылуу сактоо кампаларынан же башка бажы инфраструктурасынын объектилеринен жеке жана юридикалык жактарга товар сатпайт.
Ошондой эле социалдык тармактарда бажы кызматынын расмий документтерине окшоштурулган жасалма документтер жана видеолор таралып жатканы аныкталган. Алардын айрымдарында бажы төлөмдөрү, тариздөө жана бажы брокерлери тууралуу маалыматтар көрсөтүлгөн. Бажы кызматы мындай документтердин юридикалык күчү жок экенин белгиледи.
Ведомство бул материалдар жарандарды адаштырып, мыйзамсыз жол менен акча же башка пайда табууга багытталганын эскертти.
Бажы кызматы жарандарды шектүү жарыяларга ишенбөөгө жана расмий эмес каналдар аркылуу маалымат алмашуудан алыс болууга чакырды. Бажы органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу расмий маалымат ведомствонун расмий ресурстарында гана жарыяланат.
Алдамчылыкка туш болгон же шектүү билдирүү алган жарандар +996 (312) 51 24 67 номерине кайрыла алышат.