Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Кыргыз журналисттеринин медиа-турунун алкагында Брест чебинин ичиндеги музейдин жыйындар залында Беларус Ардагерлер коомунун төрагасынын орун басары Александр Магуран, Ардагерлердин облустук Советинин президиумунун мүчөсү Светлана Зинович, Брест облустук жашы жетиле элек туткундар уюмунун төрагасы, мурдагы КГБ кызматкери Владимир Сёмочкин, Беларус Чек ара кызматынын Ардагерлеринин төрагасы Пётр Николаюк менен жолугушуу өттү.
Жолугушууда алардын ар бири Брест шаарынын өзгөчөлүгү жана чепти коргоого алган баатырлардын эрдиги, шаар элинин душмандар менен болгон кармаштары айтылды. Айрыкча, мурдагы КГБ кызматкери Владимир Сёмочкин атасы аскер кызматкери болуп, Брест чебинде милдетин өтөп баатырларча курман болгонун, өзү жана карындашы, апасы немистерге туткунга түшүп, бир топ азаптарды башынан кечиргенин өкүнүч менен эскерди.

Владимир Сёмочкиндин атасы чеп ичинде душмандар менен салгылашып, бир аптага жетпей асмандан бомбалоого кабылып курман болгон. Ал эми аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү баскынчылардан жашынып, ачка жана алсыз чеп ичинде бир топ күн корголошот. Акыры туткунга түшкөн Владимир апасы жана карындашы менен концлагерге айдалышат. Кайсы бир ирет суусу жок калышкан туткундарды мазакташкан фашисттик желдеттер суу сураса бир аялды мууздап, эми канын ичкиле деген жоруктарга барганын айтты. Андан кийин бир-эки ай өтүп, бир нече миңдей адамды поездге салып алыска айдап жөнөшөт. Польшада баратып булардан оору жугат дешкен фашисттер поездден ыргытышат. Аман калышкан апасы жана өзү ошол тегеректеги айылдардын бирине жетип, согуш аяктагычакты Кызыл Армияны күтүшкөн.
Брест чеби... Эң алгач сокку урулган шаар...
1941-жылдын 22-июнь күнү таңында кол салып киришкен фашисттик Германия шаар чебин талкалоого аракет көрүп, айыгышкан кармаш жүргөн. Аскер гарнизонундагы бардык кызматкерлер баскынчылар менен акыр аягына чейин кармашкан. Жыйынтыгында, баскынчылардын бир нече саат ичинде эле чепти талкалап киребиз деген тилеги ишке ашпай, шаар эли эрдик көрсөтүп 32 күн бою чепти коргоого алышкан.
Легендарлуу майор Пётр Михайлович Гаврилов мекенди коргоо үчүн антынан тайбай эрдик менен салгылашып, эң соңунда туткунга түшкөн. Майор Гаврилов 1-батальонду жетектеп, Брест чебинин Кобрин дарбазасын душмандардан баатырларча коргогон. Бар болгону Гавриловдо 400 адамдан жана зениттик орудия, бир нече пушка болгон. 1941-жылдын 29-июнь күнү майор Гаврилов 12 адам жана 4 мулемёту менен кандуу кармашта калат. Эң акырында душмандардын абадан соккусуна кабылып, 23-июль күнү оор жарадар абалында туткунга түшөт. Немистик концлагерден бошотулган майор 1946-жылы Ыраакы Чыгыштагы лагерде катуу текшерүүгө алынып, фашисттер менен байланышы болгон эмес деп акталып чыгат. Лагерде жүргөндө анын мурда алган бардык наамдары менен кошо медалдарынан ажыратылып, Коммунисттик партиянын катарынан чыгарылат.
Ошол 1946-жылы жан сакташтын амалын издеп Татарстандын бир кыштагына барып күн кечире баштайт. Анын лагерден кайтып келгенин угушкан айланасындагылар жумушка алышпай, көчөдөн көрсө саткын деп кыйкырып картөшкө менен ургулушкан күндөрдү баштан кечирет. Дагы бир жыл өткөндөн кийин Краснодарга барып карапа жасаган фабрикада катардагы кызматкер болуп эптеп ишке орношот.

Акыры акыйкат жеңет...
1956-жылы майор Пётр Гавриловго жазуучу Сергей Смирнов жолугуп, Брест чебин коргоого алышкандар тууралуу китеп жазып жаттым эле, ал окуяда сиздин эрдигиңиз тууралуу күбө болгондордон угуп калдым дейт. Ошентип бир кезде чепти кантип коргоого алышканын, андагы азаптарды баяндап берет.
Чепти коргоодогу Гавриловдун баатырдык кадамдары изилдөөгө алынат. Жазуучу Сергей Смирновдун “Брест чеби” китеби 1957-жылы жарык көрүп, учурунда Брестти коргоого алган майордун мурдагы эмгеги акталып, партияга кайрадан кабыл алынат. Ошол эле жылдын 3-январында Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылат.