Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Тарыхы бай ТАСС маалымат агенттигинин колдоосу менен КМШ мамлекеттери арасында уюштурулган “Жеңиш жолу” медиа-туру 15-сентябрь күнү Москва шаарында старт алды. Алгач, Тверь бульварында жайгашкан ТАССтын имаратында журналисттер менен жолугушуу өттү. Ага ТАССтын башкы директору Андрей Кондрашов, орун басары Марат Абулхатин, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин директору Мария Захарова жана ЖККУнун өкүлү, дипломат Микаел Агасандян катышты.
Андан соң ТАССтын ички имаратында согушта курман болгондорду издеп табуу кыймылынын куратору Юлия Кузнецова менен кеңири баарлашуу болду. Юлия Кузнецова өзүнүн бир топ жылдык тажрыйбасын бөлүшүп, согушта дайынсыз жоголгондорду издеп табуу иштериндеги кыйынчылыктар жана жетишкендиктери тууралуу баяндады. Юлия Кузнецова КМШ мамлекеттери боюнча дайынсыз жоголгондорду издөө иштерине активдүү аралашкан өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан да бар экенин кошумчалады.
Бул жолугушуудан кийин ТАСС имаратынын ичинде экскурсия уюштурулуп, журналисттердин басып өткөн жолу тууралуу кенен маалыматтар берилди. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ТАССтын кабарчыларынын ичинен 239 кызматкер курман болгон. Алар согуш талааларында аскерлер менен чогуу жүрүп, үрөй учурган көрүнүштөрдү сүрөткө тартып, тарыхка калтырышкан. ТАСС маалымат агенттигинин кабарчыларынын эрдиги – өз кесибин жанынан артык көрүп, болуп аткан окуяны туура жана ыкчам жеткиришкендигинде.
Эртеси 16-сентябрда саат 10дон 12:30га чейин “Жеңиш” музейине саякат өтүп, согуш жылдарындагы фотосүрөттөр, видеокадрлар, тарыхый мурастар менен тааныштыруу болду.
Ал эми кечинде Москва-Брест багыты боюнча сапар алышты.
Медиа-турдун алкагында чогулган Россия, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Армения жана Беларусия мамлекеттеринин журналисттери алдыда Брест чеби жана Минск шаарларына барышмакчы.