Кыргызстан ЭСКАТО менен кызматташтыкты чыңдайт

Коом
Кыргызстан ЭСКАТО менен кызматташтыкты чыңдайт
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Бүгүн, 4-ноябрда тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Бириккен Улуттар Уюмунун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) аткаруучу катчысы Армида Алишахбана менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, анда тараптар ЭСКАТО менен кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулап, аймактык транспорттук жана соода байланыштарын, экономикалык процесстерди санариптештирүүнү, туруктуу өнүгүүнү жана аймактык өнөктөштүктү чыңдоону өзгөчө белгилешти.

Кыргыз тарап транспорттук байланыштарды өнүктүрүү, чек арадан өтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана улуттук инфраструктуралык долбоорлорду эл аралык транспорттук коридорлорго интеграциялоо маселелери боюнча ЭСКАТО тарабынан эксперттик көмөк көрсөтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоого жана Кыргызстандын тиешелүү ведомстволору менен ЭСКАТОнун ортосунда үзгүлтүксүз консультацияларды жүргүзүүгө кызыкдар экендиктерин айтышты.