Кагазсыз соода: Кыргызстандын тажрыйбасы 15 өлкөгө сунушталат

Экономика
Кагазсыз соода: Кыргызстандын тажрыйбасы 15 өлкөгө сунушталат
copyright icon WWW

Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Кыргызстан трансчек аралык кагазсыз соодага өтүү боюнча Улуттук жол картасын иштеп чыкты.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, документ соода документтерин электрондук түрдө алмашууну өнүктүрүүгө, мамлекеттик органдардын өз ара иштешүүсүн жакшыртууга жана эл аралык соода жол-жоболорун тездетүүгө багытталган.

Министрлик документти БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) техникалык көмөгү менен даярдады.

Жол картасын ишке ашыруу административдик тоскоолдуктарды азайтып, соодадагы убакыт жана каражат чыгымдарын кыскартууга, документ жүгүртүүнүн ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт.

Документтин долбоору 2026-жылдын 23-июлунда Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында тааныштырылып, БУУнун ЭСКАТО катчылыгы тарабынан жогору бааланган.

Кыргызстандын бул тажрыйбасы 9-10-ноябрда Бишкекте өтө турган Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча улуттук комитеттеринин жолугушуусунда тааныштырылат. ЭСКАТО катчылыгы жол картасын алкактык макулдашууга катышкан бардык мамлекеттерге алдыңкы тажрыйбанын үлгүсү катары таратууну пландап жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстан Азия-Тынч океан аймагында трансчек аралык кагазсыз сооданы жөнөкөйлөтүү жөнүндө алкактык макулдашууга 2023-жылы кошулган. 2026-жылдын октябрына карата ага 15 мамлекет катышат.