Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши мамлекеттик органдарды, бизнести жана жарандык коомду коррупциянын алдын алуу боюнча биргелешкен ишке тартууда. Кеңештин катчылыгынын башкы эксперти Замир Айылчыев "Кабар" агенттигине пикирин билдирип, анын жүрүшүндө эл аралык тажрыйбаларды талдап, Кыргызстанда коррупциялык тобокелдиктерди жоюунун негизги жолдоруна токтолду.
Анын айтымында, ишкерлер ашыкча тоскоолдуксуз иштеп, мамлекеттик кызматтар ачык көрсөтүлгөндө, коррупциянын алдын алуунун натыйжасы күнүмдүк жашоодо сезилет.
"Балтика өлкөлөрүнүн тажрыйбасын изилдөөдөн чыгарган негизги тыянагым — коррупциянын алдын алуу мамлекеттик башкаруунун күнүмдүк милдетине айланышы керек. Ар бир мекеме өзүндөгү тобокелдиктерди билип, аларды азайтуунун натыйжасы үчүн жооп берүүгө тийиш. Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин жүргүзүп жаткан иштери мамлекеттик стратегиянын алдын алуу, агартуу жана коомдук катышуу багыттарын практикалык чаралар менен толуктоодо. Бул иштердин таасирин жоюлган ашыкча талаптар, кыскарган мөөнөттөр, аткарылган мониторинг сунуштары жана жакшырган кызматтар аркылуу көрсөтүү маанилүү.
Президенттин коррупцияга каршы саясий эркин ушундай механизмдер менен бекемдөө таза экономикалык өсүшкө жана адилет атаандаштыкка шарт түзөт. Инвестор үчүн эрежелердин туруктуулугу, келишимдердин аткарылышы жана укуктардын корголушы зарыл. Жаран үчүн мамлекеттик кызматтын жеткиликтүүлүгү жана адилет мамиле биринчи орунда турат. Кыргызстанга чет өлкөлүк моделдерди толугу менен көчүрүүнүн зарылдыгы жок. Бизге алардын иштеген принциптерин өз шартыбызга ылайык колдонуу керек: түшүнүктүү талаптар, көзөмөлдөнгөн мөөнөттөр, негизделген чечимдер, ачык маалымат жана жоопкерчиликтүү кызмат. Жаран документин өз убагында алып, ишкер мыйзамсыз тоскоолдуксуз иштеп, бюджеттик каражат белгиленген максатка жумшалганда, антикоррупциялык саясаттын натыйжасы элге түшүнүктүү болот. Мамлекетке болгон ишеним да дал ушундай реалдуу өзгөрүүлөрдөн бекемделет", — деп белгиледи ал.

Коррупциянын кесепеттери эмес, себептери менен күрөшүү: Балтика тажрыйбасы жана Кыргызстан
Коррупциянын зыяны бюджеттин жоготуусу менен гана чектелбейт. Ал жарандын убактысын алат, ишкердин чыгымын көбөйтөт, адилет атаандаштыкка тоскоол болот жана мамлекеттик органдарга болгон ишенимди азайтат. Документ алуу үчүн кайра-кайра каттоо, түшүнүксүз талаптар, негизсиз созулган мөөнөттөр мунун баары адамдардын күнүмдүк жашоосуна түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан антикоррупциялык саясаттын натыйжасы жаранга түшүнүктүү өзгөрүүлөр менен өлчөнүшү керек. Кызмат өз убагында көрсөтүлдүбү? Ишкерден ашыкча документ талап кылуу токтодубу? Кайрылууга негиздүү жооп берилдиби? Мамлекеттик каражаттын кайда жумшалганын коомчулук көрө алабы?
Балтика өлкөлөрүнүн жана Чехиянын антикоррупциялык саясатына арналган илимий изилдөөмдө дал ушул суроолорго көңүл бурдум. Өзгөчө Литванын тажрыйбасын, ошондой эле Эстония менен Латвиянын практикаларын талдоо Кыргызстан үчүн маанилүү бир тыянакка алып келет: коррупцияга каршы аракеттенүү туруктуу натыйжа бериши үчүн аны пайда кылган шарттарды өзгөртүү зарыл. Президент Садыр Жапаровдун коррупцияга каршы чечкиндүү саясатын узак мөөнөттүү механизмдер менен бекемдөөдө 2025–2030-жылдарга мамлекеттик стратегия маанилүү орунду ээлейт. Президенттин жарлыгы менен бекитилген документ коррупциянын алдын алуунун натыйжалуу механизмдерин колдонууга, мыйзамдарды өркүндөтүүгө жана системалуу чараларды жүргүзүүгө багытталган. Бул багытта президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши мамлекеттик органдар, бизнес жана жарандык коом ортосундагы кызматташтыкты практикалык иштер аркылуу өнүктүрүүдө.
Литва: көйгөйдү кесепети чыга электе аныктоо
Илимий изилдөөмдө Литванын тажрыйбасына өзгөчө көңүл бурдум. Бул өлкөнүн Атайын иликтөө кызматы — STT — коррупциянын алдын алуу алкагында тобокелдиктерди талдоо, укуктук актыларды антикоррупциялык баалоо жана коомдук агартуу иштерин жүргүзөт. Мындай мамиле коррупцияга шарт түзгөн себептерди аныктоого жана жоюуга багытталган. Анын Кыргызстан үчүн маанисин жөнөкөй мисалдан көрүүгө болот. Ишкер уруксат алуу үчүн кайрылат. Документтердин так тизмеси жарыяланган эмес, кызматкер кошумча кагаз сурай берет, жооп берүү мөөнөтү түшүнүксүз. Ушундай шартта "маселени тездетип берүү" сунушу пайда болушу ыктымал. Бул тобокелдикти азайтуу үчүн документтердин толук тизмеси, расмий төлөм, кароо мөөнөтү жана баш тартуунун негиздери алдын ала белгилүү болушу керек. Кошумча талап коюлса, анын укуктук негизи көрсөтүлүүгө тийиш. Кызматкердин чечимине даттануу жолу да жаранга түшүнүктүү болушу зарыл. Литванын тажрыйбасынан алынуучу практикалык сабак ушул: ар бир мекеме өз ишиндеги коррупциялык тобокелдиктерди аныктап, аларды азайтуу чараларын, жооптуу кызматкерлерди жана аткаруу мөөнөттөрүн белгилеши керек. Андан кийин ошол чаралардын иш жүзүндө аткарылганы текшерилиши зарыл. Литвада агартуу ишине да көңүл бурулат. STT окуучулар менен мугалимдер үчүн турмуштук жагдайларды жана этикалык тандоолорду талдоого негизделген интерактивдүү билим берүү платформасын ишке киргизген. Кыргызстанда да жаштарга адилеттүүлүктү, жоопкерчиликти жана ак ниеттүүлүктү күнүмдүк мисалдар аркылуу түшүндүрүү пайдалуу. Тааныш аркылуу кезексиз кызмат алуу эмне үчүн башкалардын укугун бузат? Кызматтык мүмкүнчүлүктү жеке кызыкчылыкка пайдалануу эмнеге алып келет? Мындай суроолорду талкуулоо мыйзамдардын аталышын жаттоого караганда алардын маанисин жакшыраак түшүнүүгө жардам берет.
Эстония: жаранды мекемелерге чуркатпаган башкаруу
Эстониянын тажрыйбасындагы маанилүү принцип мамлекетте бар маалыматты жарандан кайра талап кылбоо. Жаран маалыматты бир жолу берет, андан кийин мамлекеттик органдар аны мыйзамдуу жана коопсуз маалымат алмашуу аркылуу колдонушат. e-Estonia маалыматына ылайык, өлкөдө 2024-жылдын декабрынан мамлекеттик кызматтардын 100 пайызы онлайн жеткиликтүү болгон. Кыргызстанда "Кызмат" системасы ушул багытты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Негизги максат мамлекеттик органдар өз ара ала турган маалымат үчүн жаранды маалымкат чогултууга жөнөтүүнү кыскартуу. Мисалы, арыз берген адам анын катталганын, кайсы баскычта каралып жатканын жана качан жооп аларын көрө алышы керек. Мөөнөт бузулса, бул жагдай катталып, жетекчинин көзөмөлүнө түшүүгө тийиш. Ошондо иштин жүрүшү кызматкердин оозеки түшүндүрмөсүнө гана көз каранды болбойт. Бирок түшүнүксүз жол-жобону электрондук форматка өткөрүү менен маселе толук чечилбейт. Адегенде ашыкча талаптарды жана баскычтарды кыскартуу зарыл. Санариптештирүүнүн натыйжасы жаран үнөмдөгөн убакыттан, азайган чыгымдан жана жөнөкөйлөгөн кызматтан көрүнүшү керек. Ошол эле учурда жеке маалыматтарды коргоо жана электрондук кызматтарды колдоно албаган адамдарга жардам берүү камсыздалууга тийиш.
Латвия: кызматкер татаал жагдайда эмне кылууну билиши керек
Латвиянын тажрыйбасы кызматтык этиканы үзгүлтүксүз окутуунун маанисин көрсөтөт. Өлкөнүн тиешелүү эрежелеринде коррупциялык тобокелдикке дуушар болгон кызмат орундарындагы кызматкерлерди ишке киргенде окутуу жана кеминде үч жылда бир билимин жаңылоо каралган. Кыргызстанда мындай даярдыкты реалдуу жагдайларга негиздөө пайдалуу. Сатып алуу комиссиясынын мүчөсүнүн жакыны тендерге катышса эмне кылуу керек? Кызмат көрсөтүлгөндөн кийин белек сунушталса кандай чечим кабыл алынат? Жетекчинин тапшырмасы белгиленген тартипке каршы келсе, кызматкер кимге кайрылат? Кызматкер мындай суроолордун жоопторун көйгөй жаралгандан кийин издебеши керек. Так эрежелер, кеңеш алуу мүмкүнчүлүгү жана мыйзамсыз аракет жөнүндө коопсуз билдирүү тартиби алдын ала иштелүүгө тийиш. Ушундай шартта этика кодекси күнүмдүк иште колдонулуучу документке айланат. Ал мамлекеттик кызыкчылыкты коргоо менен бирге ак ниет кызматкердин өзүнө да таяныч болот.
Чехия: жыйынтык коомчулукка көрүнүшү керек
Чехиянын тажрыйбасын изилдөөдө келишимдердин ачык реестри көңүл бурууга арзыйт. Өлкөнүн мамлекеттик порталында мыйзамда белгиленген субъекттердин кошумча нарк салыгын эсепке албаганда 50 миң чех кронасынан жогору келишимдерин, тиешелүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, жарыялоо талабы көрсөтүлгөн. Жарыялоо мөөнөтү келишим түзүлгөндөн кийин 30 күндөн ашпоого тийиш. Кыргызстан үчүн мындагы пайдалуу принцип мамлекеттик каражаттын сарпталышын келишимден тартып иштин кабыл алынышына чейин түшүнүктүү көрсөтүү. Мисалы, мектеп оңдолсо, жарандар анын баасын, аткаруучусун, мөөнөтүн жана кандай иштер кабыл алынганын биле алышы керек. Маалыматтын жеткиликтүүлүгү коомдук көзөмөлгө шарт түзүп, аткаруучунун жана заказчынын жоопкерчилигин күчөтөт.
Балтика өлкөлөрүнүн көрсөткүчтөрү эмнени түшүндүрөт?
Transparency International уюмунун 2025-жыл үчүн Коррупцияны кабылдоо индексинде Эстония 76, Литва 65, Латвия 60, Чехия 59 балл алган. Кыргызстан 26 балл менен 182 өлкө жана аймактын арасында 142-орунда турат. Шкалада жогорку балл мамлекеттик сектордогу коррупциянын төмөн деңгээлде кабылданарын билдирет. Бул маалыматтарды реформалардын багытын түшүнүү үчүн пайдалануу зарыл. Индекс катталган кылмыштардын санын же өзүнчө бир мекеменин ишин түздөн-түз өлчөбөйт. Анын көрсөткүчүн өткөрүлгөн иш-чаралардын саны менен эле өзгөртүү мүмкүн эмес. Маанилүүсү мамлекеттик институттардын иш жүзүндөгү ачыктыгы, жоопкерчилиги жана эрежелердин бирдей аткарылышы. Transparency International уюмунун Улуттук ак ниеттүүлүк системасын баалоо ыкмасы да мамлекеттик органдардын, бизнестин, медианын жана жарандык коомдун ролун өз ара байланышта карайт. Анда коррупциянын алдын алган институттарга жана практикаларга көңүл бурулат. Демек, превенция жоопкерчилик, коомдук катышуу жана мыйзамдын үстөмдүгү менен бирге иштей турган негизги багыт.