Муканова: Коррупцияга каршы күрөш ар бир чиновниктин жоопкерчилигинен башталат

Коом 23 сентябрь 2026 12:25
Муканова: Коррупцияга каршы күрөш ар бир чиновниктин жоопкерчилигинен башталат
copyright icon WWW

Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугу эки негизги факторго – мамлекет башчысынын саясий эркине жана экономикалык механизмдерге таянат. Бул тууралуу президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова ЖМК өкүлдөрү үчүн коррупцияга каршы күрөшүү боюнча семинарда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан президентинин саясий эрки бүгүнкү күндө бир катар ченемдик-укуктук актыларда бекитилип, ишке ашырылууда. Бирок натыйжага жетишүү үчүн бул эрк ар бир министрдин, мамлекеттик кызматкердин жана жарандын жеке саясий эркине айланышы керек.

Муканова коррупцияга каршы күрөшүүдө жалпы коомдун, өзгөчө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, ЖМК коррупцияга чыдамсыздыкты калыптандырууга жана коомдо коррупциясыз мамлекеттин артыкчылыктарын оң мисалдар аркылуу көрсөтүүгө салым кошо алат.

"Бизде маалыматтык мейкиндикти сиздер түзөсүздөр. Коррупцияга каршы күрөшүүдө терс көрүнүштөргө гана басым жасабастан, коррупция жок коомдо кандай мамлекетти куруп жатканыбызды оң мисалдар аркылуу көрсөтүү маанилүү. Бүгүнкү күндө жаштарыбыз да ушул баалуулуктарды жана багыттарды өздөштүрүүдө", - деди ал.

Ал ЖМК өкүлдөрүнүн мындай окутуу иш-чараларына катышуусу коррупциялык тобокелдиктерге каршы күрөшүүдө бирдиктүү ыкмаларды калыптандырууга жана кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады.