Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 1-жарым жылдыгында коррупцияга каршы багытталган мыйзамдардын аткарылышы боюнча жалпысынан 12 текшерүү жүргүзүлүп, аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 12 прокурордук акты келтирилген.
Мекеменин маалыматына ылайык, прокурордук актылардын натыйжасында аныкталган мыйзам бузуулар четтетилип, мамлекеттин пайдасына 716 500 сом акча каражаты өндүрүлгөн жана мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн 2 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке, ал эми 7 кызмат адамы айып пулга кириптер болушкан.
"Коррупцияга каршы экспертиза боюнча Ленин районунун прокуратурасы тарабынан тийиштүү талдоо жүргүзүлүп, Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясында райондун прокурорунун катышуусунда Координациялык кеңешме өткөрүлдү. Ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптарын түшүндүрүү максатында Бишкек шаарынын Ленин административдик району боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугушуу уюштурулду",-деп айтылат маалыматта.
Ленин районунун прокуратурасы коррупцияга каршы аракеттенүү, мыйзам бузууларды аныктоо жана алардын алдын алуу багытындагы иштерди мындан ары да улантыларын белгиледи.