Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте коррупциянын алдын алуунун заманбап механизмдери жана санариптик инструменттерди колдонуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Иш-чара Борбор Азия боюнча Конрад Аденауэр фонду тарабынан уюштурулган "Коррупциянын алдын алуунун заманбап механизмдери: эл аралык стандарттар жана регионалдык практикалар" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында өттү.
Конференцияга мамлекеттик органдардын, эксперттик коомчулуктун, эл аралык уюмдардын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тиешелүү ведомстволорунун өкүлдөрү катышты.
Иш-чарада коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу, аларга өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды жоюу, коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо жана санариптик инструменттерди колдонуу маселелери каралды.
Ошондой эле Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын коррупциянын алдын алуу боюнча тажрыйбасы салыштырылып, учурдагы көйгөйлөрдү чечүүнүн практикалык жолдору талкууланды.
Катышуучулар коррупциялык укук бузууларга түрткү берүүчү факторлор тууралуу алдын ала эскертүү механизмдерин колдонуу, мамлекеттик кызматкерлердин коррупцияга каршы укуктук аң-сезимин жогорулатуу жана жарандардын коррупциялык тобокелдиктер тууралуу маалымдуулугун күчөтүү боюнча сунуштарын билдиришти.