“Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан Туюк чакан ГЭСинин ишмердүүлүгү менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жеринде таанышты. Журналисттерге ГЭСтин курулушу, техникалык мүмкүнчүлүктөрү, инвестициялык көлөмү жана электр энергиясын өндүрүү кубаттуулугу тууралуу маалымат берилди. Белгилүү болгондой, учурда Кыргызстандагы чакан ГЭСтер жалпы энергосистемага 150 МВт электр кубаттуулугун берип жатат. Жеринде “Жашыл энергетика фонду” мамлекеттик мекемесинин директору Эмилбек Орозбаев “Кабар” агенттигине маек берип, объекттин экинчи каскадын куруу пландары жана мамлекеттин инвесторлорго түзгөн шарттары жөнүндө айтып берди.

- Туюк чакан ГЭСи боюнча толук маалымат берсеңиз, качан ишке кирген жана кубаттуулугу кандай?
- Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан Туюк чакан ГЭСи “Чүй-Рус-Гидро” ЖЧКсы тарабынан курулган. ГЭСтин курулушу 2025-жылдын башында башталып, расмий түрдө быйыл 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө карата ишке берилди. Жалпы кубаттуулугу 7,5 МВтты түзгөн чакан ГЭСке Австриянын “Global Hydro” компаниясынын жабдуулары орнотулган. Ошондой эле 5,5 чакырым деривациялык канал, көмөк чордонго чейин 10 кВ чыңалуудагы 5,5 чакырым электр чубалгысы жана көмөк чордондон улуттук тармактарга кошулуу чекитине чейин 35 кВ чыңалуудагы 11,5 чакырым электр чубалгысы курулган. Бул долбоордун өзгөчөлүгү — дарыянын нугу такыр өзгөрбөйт, суу башында кандай акса, ошол бойдон ГЭС аркылуу агып өтөт. Суу дарыянын нугунан машиналык залга кирип, электр энергиясын өндүргөндөн кийин кайра дарыяга куюлат. Бул чакан ГЭСте жыл сайын өндүрүлүүчү электр энергиясынын көлөмү 29 млн кВт·саатты түзүп, өлкөнүн энергетика тармагына чоң салым кошот. Канча суу кирсе, ошончо суу кайра агып чыгат, бир литр суу да калбайт. Бул ГЭС абдан сапаттуу салынган.

- Бул Туюк чакан ГЭСин курууга канча каражат жумшалды? Фонд тарабынан кандай көмөк көрсөтүлдү?
- ГЭСти курууга жалпы 7 млн доллар каражат жумшалды. Биз “Чүй-Рус-Гидро” ЖЧКсына жер тилкесин бөлүп берип, бардык уруксат кагаздарын бүтүрүп бергенбиз. Андан тышкары, инвестор тарабынан көтөрүлгөн бардык маселелерди чечип бердик. Жер тилкесин убактылуу пайдалануу укугу 2024-жылдын 18-мартында берилген. Жер тилкесинин аянты 6,10 гектарды түзөт. Бүгүнкү күндө фонд кошумча 5,5 гектар жер тилкесин бөлүп берүү боюнча документтерди даярдоо иштерин жүргүзүүдө. Бул жерге дагы экинчи каскад куруу пландалууда. Анын ишке кириши менен электр энергиясын өндүрүү кубаттуулугу дагы 3,5 МВтка көбөйөт.

- Инвестор менен мамлекеттин шарттары кандай? Электр энергиясын канча жылга сатып алат?
- Кыргызстан боюнча шарт бирдей. Өндүрүлгөн электр энергиясын мамлекет 15 жыл бою кепилдик менен сатып алат. Тариф боюнча айтсак, 1 кВт·саат үчүн 4 сом 42 тыйын төлөнөт. 15 жыл өткөндөн кийин тариф жөнгө салынып, элге берилген тарифке түшөт. 15 жылдын ичинде инвестор өзүнүн чыгымдарын актайт. Андан кийин кааласа ГЭСти мамлекетке өткөрүп бере алат же өзү иштетүүнү улантат. Белгилей кетсек, чакан ГЭСтерди куруу үчүн жер мамлекет тарабынан 15 жылга, ал эми күн жана шамал электр станцияларын куруу үчүн 25 жылга чейин ижарага берилет. Жерди ижарага берүүдөн түшкөн каражат республикалык бюджетке түшөт. Мындан тышкары, кайсы аймакта курулбасын, ишке киргизилген энергетикалык объект өндүргөн электр энергиясынан түшкөн пайданын 1 пайызы жергиликтүү бюджетке которулуп турат.

- Быйыл өлкөдө канча чакан ГЭС ачылды жана алардын жалпы кубаттуулугу канча?
- Быйылкы жылдын аягына чейин дагы 3 чакан ГЭС ишке кирет. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 50гө жакын чакан гидроэлектр станциясынын курулушу активдүү жүрүп, 30га жакыны пайдаланууга берилди. Жалпысынан, учурда Кыргызстандагы чакан ГЭСтер жалпы энергосистемага 150 МВт электр кубаттуулугун берип жатат.