Кыргызстан менен Сауд Аравиясы энергетикалык кызматташтыкты кеңейтет

Экономика 29 сентябрь 2026 16:00
830540588_18121242200476120_166271839051125963_n.jpg
828480578_18121242302476120_3655087525009732569_n.jpg
828895846_18121242281476120_357060503151779987_n.jpg
829725925_18121242248476120_948596262542676227_n.jpg
829967375_18121242329476120_2575967026550589420_n.jpg
830540588_18121242200476120_166271839051125963_n.jpg
830612394_18121242218476120_629233442648314841_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Сауд Аравиясы энергетика тармагына инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Маселе энергетика министри Алтынбек Рысбековдун Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы элчиси Ияд бин Гази бин Сулайман бин Хаким менен жолугушуусунда көтөрүлдү.

Ведомствонун маалыматына караганда, анда энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана генерациялоочу кубаттуулуктарды куруу жана модернизациялоо маселелери каралды.

Ошондой эле Сауд өнүктүрүү фонду менен кызматташуу, энергияны топтоо системаларын киргизүү жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча долбоорлор талкууланды.

Мындан тышкары, Кыргызстандын 11-15-октябрда Эр-Риядда өтө турган 25-Дүйнөлүк энергетика конгрессине катышуу мүмкүнчүлүгү каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конкреттүү инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча кызматташууну улантууга макулдашты.