Нарын облусундагы согуштун жалгыз ардагерине сый-урмат көрсөтүлдү

Улуу Жеңишке 80 жыл Загрузка... 09 Май 2025 20:37
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 09.05.25. /Кабар/. Бүгүн Улуу Жеңиш күнүнүн урматына Нарын облусунун Ат-Башы районунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сатынды Жапаровго президент Садыр Жапаровдун белектери тапшырылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Белектерди  жана президенттин куттуктоосун президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров жеке өзү тапшырып, ардагерди улуу майрам менен куттуктады.

Майрамдык иш-чарага Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эмилбек Абдыкадыров, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана аскер кызматкерлери катышып, Сатынды Жапаровду Жеңиш күнү менен куттуктап, белектерин тапшырышты.

Ардагерге сый-урмат көрсөтүлүп, анын үйүнүн алдында Мамлекеттик чек ара кызматынын өздүк курамы салтанаттуу сап менен өтүп, аскердик урмат көрсөтүштү.

Учурда 100 жаш курагын белгилеп жаткан Сатынды Жапаровдун үй-бүлөсү анын 10 баласы, 27 небереси жана 23 чөбөрөсү бар экенин маалымдашты.

Маалымат үчүн: Улуу Ата Мекендик согушка Нарын облусунан жалпы 18 146 жоокер аттанып, алардын ичинен 8 919у курман болгон же дайынсыз жоголгон. Согуштан аман кайтып келген 7 130 ардагер согуштан кийинки коомдун өнүгүшүнө салым кошушкан.