Бишкек, 08.05.25. /Кабар/. Баткен облусунда эмгектин ардагерлерине сый урмат көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменовдун буйругуна ылайык, 9-май Улуу Жеңиштин80 жылдыгын утурлап, Баткен облусунун бардык аймактарында Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында оорукта эмгектенген эмгек ардагерлерине сый-урмат көрсөтүү уланууда.
Жер жерлерде облустук, райондук, шаардык жетекчилер, ардагерлерден кабар алып, майрамдык белектерип берип, облус башчысынын эстелик белегин тапшырууда.
Бул жолку Жеңиш майрамын Баткен эли 67 ооруктун ардагери менен тосууда.