Улгайгандарды колдоо айлыгы: Өлкө боюнча кандай иш-чаралар өткөрүлөт?

Коом 15 сентябрь 2026 16:50
Улгайгандарды колдоо айлыгы: Өлкө боюнча кандай иш-чаралар өткөрүлөт?

Бишкек, 15.09.26. /Кабар/. "Улуу муундагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук көрүү" урааны алдында бир айлык иш-чара башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара 15-сентябрдан 15-октябра чейин өткөрүлөт.

Бир айлыктын алкагында өлкөнүн бардык аймактарында улгайган жарандарды колдоого багытталган иш-чаралар өткөрүлөт.

"Министрлик бардык жарандарды, коомдук бирикмелерди жана бизнес түзүмдөрүн акцияга кошулууга жана улгайган адамдарга бир айлыктын жүрүшүндө гана эмес, күн сайын көңүл буруп, камкордук көрсөтүүгө чакырат",-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, акция өкмөттүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 237 токтомунун алкагында өткөрүлүп, улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга, улуу муунга болгон урмат-сый жана камкордук салттарын бекемдөөгө, ошондой эле коомчулуктун социалдык коргоо маселелерине көңүлүн бурууга багытталган.