Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Акыркы беш жылда өлкөдө улгайган жарандардын саны 146 миңден ашты, башкача айтканда 25%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын башында Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан улуу 737 миң адам катталган, бул жалпы калктын 10%ын түзөт. Алардын ичинен 63 жаштан ашкан эркектер 244 миң (эркектердин 7%ы), ал эми 58 жаштан ашкан аялдар 493 миң (аялдардын 13%ы).
Аталган жаш куракта аялдар басымдуулук кылат: алар эркектерге караганда 249 миңге же 2 эсеге көп. Бул аялдардын эркектерге салыштырмалуу орточо узак жашашы (эркектердин 68,7 жашына карата аялдарда 76,9 жаш) жана пенсияга 5 жыл эрте (63 жашка карата 58 жаш) чыгышы менен түшүндүрүлөт.
БУУнун классификациясы боюнча, калктын жалпы санында 65 жана андан жогорку жаштагы адамдардын үлүшү 4%дан аз болсо - калкы жаш өлкө деп эсептелет; 4–7% деңгээлинде болсо — калк карылыктын босогосунда турат; ал эми 7%дан ашса — улгайган деп бааланат. 2026-жылдын башына карата Кыргызстанда 65 жана андан жогорку курактагы жарандардын үлүшү 6,4%ды (475 миңден ашык адам) түздү, бул калктын карылыктын босогосунда турган категориясына туура келет. Айрым КМШ мамлекеттерине салыштырганда бул көрсөткүч жогору: Казакстанда - 9%, Азербайжанда - 10%, ал эми Россия, Беларусь жана Молдовада - 18%дан.
БУУнун болжолдоолоруна ылайык, 2030-жылга карата Кыргызстанда калктын картаюу тенденциясы көбүрөөк байкалып, 65 жана андан улуу курактагы адамдардын үлүшү 7%га жакындайт.
Белгилей кетсек, жыл сайын 1-октябрда дүйнө жүзү боюнча Карылардын эл аралык күнү белгиленет. Бул күн 1990-жылдын декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган. Анын негизги максаты - коомчулуктун көңүлүн улгайган адамдардын алдында турган маанилүү маселелерге буруу жана алардын жашообуздагы ордун таануу болуп саналат.