Акылбек Жанышбеков: Пенсиянын өсүшү элдин маанайын көтөрдү

Коом 1 октябрь 2026 13:20
Акылбек Жанышбеков: Пенсиянын өсүшү элдин маанайын көтөрдү
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 01.10.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын тургуну Акылбек Жанышбеков пенсиясы акыркы жылдары жогорулап, учурда жашоосуна жетип жатканын айтты. Бул тууралуу ал “Кабар” агенттигине Карылардын эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, ал буга чейин ички иштер органдарында иштеп, кийин пенсияга чыккан. Алгачкы пенсиясы аз болгонун, акыркы үч-төрт жылдан бери улам көбөйүп жатканын белгиледи.

“Башында аз сумма менен пенсияга чыккам. Акыркы үч-төрт жылдан бери улам көбөйүп, азыр жакшы эле болуп калды. жашообузга жетип жатат.

Пенсиялар жылдан жылга көтөрүлүп, мурункуга салыштырмалуу азыр жакшы. Элдин маанайы да көтөрүлүп калды. Азыркы жашообузга ыраазыбыз”, — деди ал.