Бишкек, 01.10.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын тургуну Мелис Турумбеков пенсия курагында болсо да эмгектенип жүргөнүн айтып, өлкөдө акыркы жылдары болуп жаткан өзгөрүүлөргө токтолду. Бул тууралуу ал “Кабар” агенттигине Карылардын эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, эмгек жолунда Ош облусунда экономист, мугалим, мамлекеттик кызматкер болуп иштеп, кийин туризм тармагында эмгектенген.
“Учурда пенсиядамын. Бирок дагы деле иштеп жүрөм”, — деди ал.
Мелис Турумбеков өлкөдө акыркы жылдары болуп жаткан өзгөрүүлөргө токтолуп, президент Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгүнө оң баасын берди. Ошондой эле өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнүн өсүп жатканына кубанарын белгиледи.
“Садыр Жапаров эгемендүүлүктү алгандан кийинки жылдардагы эң жакшы президент болду. Элим, жерим деген патриот экен. Иштеп баштагандан бери өлкөдө жакшы өзгөрүүлөр болууда. Өлкөбүз күндөн күнгө өнүгүп Сингапурдай болуп баратат. Ага ден соолук, ийгилик каалайм.
Ал иштеп баштагандан бери ИДП 11,4 пайыз болду. Дүйнө жүзүндөгү 200дөй мамлекеттин бирөөндө дагы мындай өсүш жок. Мен сүйүнткөнү ошол”, — деди ал.