Пенсионерлер үчүн клубдар ачылып, тай-чи боюнча сабактар өтөт – Соцфонд

Коом
Пенсионерлер үчүн клубдар ачылып, тай-чи боюнча сабактар өтөт – Соцфонд
copyright icon Кабар

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Социалдык фонд активдүү узак жашоону колдоо программаларын кеңейтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын кеңешчиси Наргиза Нарынбаева билдирди.

Анын айтымында, келерки жылдан тарта Бишкектеги 4 паркта тай-чи боюнча акысыз сабактар өткөрүлөт. Ошондой эле пенсионерлер үчүн клуб ачуу пландалууда.

"Улгайган адамдар үчүн тай-чи боюнча алгачкы акысыз сабактар 1-октябрдан тарта Карылар айлыгынын алкагында өлкөнүн үч шаарында өткөрүлгөн. Келерки жылдан баштап мындай сабактарды туруктуу негизде өткөрүү пландалууда. Кийинчерээк программаны Ош жана Каракол шаарларында да жайылтуу каралууда", - деди ал.

Мындан тышкары, Бишкек шаарында пенсионерлер үчүн пилоттук клуб ачуу пландалууда. Анда бардык сабактар акысыз өткөрүлөт. Клубга келгендер йога менен машыгып, сүрөт тартып, юридикалык жана санариптик сабаттуулук боюнча курстарга катыша алышат. Ошондой эле улгайган адамдардын активдүүлүгүн арттырууга жана жашоо сапатын жакшыртууга багытталган башка иш-чаралар уюштурулат.

"Биздин милдет — пенсия төлөө менен гана чектелбестен, пенсионерлерибиздин жашоо сапатына да кам көрүү", - деди ал.

Ошондой эле Социалдык фонд Ысык-Көлдө пенсионерлер үчүн жеңилдетилген шарттарда ден соолукту чыңдоо кызматтарын көрсөтө турган санаторий ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Нарынбаева Социалдык фонд активдүү узак жашоо программаларын ишке ашырууга кызыкдар уюмдар жана адистер менен кызматташууга даяр экенин кошумчалады.

Тай-чи — жай жана жумшак кыймылдарга негизделген, тең салмактуулукту жана кыймыл-аракетти жакшыртууга, улгайган адамдардын дене активдүүлүгүн сактоого жардам берген ден соолукту чыңдоочу көнүгүүлөрдүн түрү.

Нестан Ибраева