Бишкек, 01.10.26 /Кабар/. Акылбек Насыралиев 40 жылга жакын эмгектенип, 2014-жылы пенсияга чыккан жана учурда 18 миң сомдон ашык суммада пенсия алат. Бул тууралуу ал “Кабар” агенттигине Карылардын эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чарада билдирди.
“Көп жыл эмгектенип, ар кандай тармактарда иштедим. Профкомдун төрагасы, парткомдун орун басары, комсомолдун катчысы болдум. Көп кызматтарда эмгектендим. Азыркы жашообузга шүгүр кылабыз”, — деди ал.