Садыр Жапаров Ош шаарында “Асман Резиденс - 1” турак жай комплексин ачты

Президент 1725 08 Июнь 2026 11:40
720207596_27228951773391474_5620923719957293463_n (1).jpg
720019955_27228953756724609_2581832036282370025_n.jpg
718014519_27228953526724632_3337436826140886514_n.jpg
719252486_27228953366724648_6661106715379741341_n.jpg
719598999_27228953313391320_2736637261256067766_n.jpg
718052371_27228952663391385_1303222048821591898_n.jpg
718618571_27228952733391378_7387263954700139878_n.jpg
719651636_27228953800057938_3874458281963997837_n.jpg
718099495_27228953556724629_1980035269011297403_n.jpg
718378711_27228952970058021_5379373471682572337_n.jpg
719625151_27228952706724714_1847611635193901820_n.jpg
720040916_27228952603391391_4097328733906667782_n.jpg
719874217_27228952080058110_6748598024014617675_n.jpg
719798450_27228952323391419_7745761435264872075_n.jpg
719625151_27228951946724790_916240003627884777_n.jpg
719210472_27228952510058067_936133577237638213_n.jpg
719210476_27228951570058161_3790738660058418900_n.jpg
720207596_27228951773391474_5620923719957293463_n.jpg
719900527_27228952156724769_5470717165340080364_n.jpg
719949968_27228951620058156_5728731610542696135_n.jpg
718190671_27228952043391447_5940050724762384869_n.jpg
719110066_27228951323391519_8737026410223783674_n.jpg
718936052_27228951380058180_9104375183330409926_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда Ош шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган “Асман Резиденс 1” турак жай комплексин жана онлайн-режимде Ош облусундагы Жаңы-Арык айылындагы комплексти ачты.

Мамлекет башчысы Ош шаарынын тургундарын үйлүү болушу менен куттуктап, эки ай мурда облустун райондорунун жашоочулары менен жолугушууларда калк тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелердин бири үй-жай маселеси болгонун эске салды.

Садыр Жапаров анын тапшырмасынын негизинде бардык аймактарда өтүп жаткан жергиликтүү жетекчилердин эл менен жолугушууларында үйгө муктаж жарандарыбыз дагы дал ушул маселени көтөрүп жатышкандыгын белгиледи.

“Мамлекеттин негизги милдеттеринин бири – бул үйгө муктаж жарандарды жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыз кылуу деп айтып келебиз.
Айткан сөзүбүз ишибиз менен айкалышып, өлкөбүздө турак жай куруу мурда болуп көрбөгөндөй темп менен жүрүп жаткандыгына өзүңүздөр күбөсүздөр”, - деди президент жана мамлекеттик ипотекалык программалар аркылуу өлкөбүздүн бардык аймактарында 82 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатканын айтты.

Мамлекет башчысы учурда Ош облусу боюнча 2044 батирлүү 3 турак жай комплекси курулуп жатканын баса белгиледи. Ош шаарында 5518 батирлүү 4 турак жай комплексинин курулушу жүрүп жатат. Анын ичинде мынакей “Асман Резиденс - 1” турак жай комплекси бар.

Бул комплекс 8 блоктон турган, 12 кабаттуу заманбап турак үй болуп саналат. Жалпы 543 батирден турат. Жер астындагы унаа токтотуучу жай, балдар аянтчасы, коммерциялык жайлар жана башка зарыл инфраструктуралар каралган. Комплекс заманбап архитектуралык стилде иштелип чыккан, короо аймагы көрктөндүрүлүп, күзөт тутуму менен камсыздалган.

Садыр Жапаров баштапкы планга ылайык комплекстин куруп бүтүү мөөнөтү ушул жылдын 4-кварталы деп белгиленгенин айтты. Бирок адистердин биргелешкен ишинин аркасында объект белгиленген мөөнөттөн мурда курулду. Ал мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, куруучуларга, инженерлерге жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жамаатына ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент “Асман Резиденс - 1” турак жай комплекси менен бирге Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында көп кабаттуу 5 үйдү онлайн ачты. Биринчи этабында 225 батир тапшырылды, 2-этап менен жыл соңуна чейин дагы 225 батир курулуп бүтүп, ээлерине берилет.

Мындан тышкары мамлекет башчысы курулуш иштерине көзөмөл кескин күчөтүлүп, катуу текшерүүгө алынганына өзгөчө көңүл бурду.

Караколдогу турак жайдын чатырынан суу агып жатканы тууралуу жакында болгон окуяга токтолуп, Садыр Жапаров көп кабаттуу үйлөрдө жашаган бардык жарандарды үйлөрүнө этият мамиле кылууга жана канализация, суу түтүктөрүн таштанды менен толтурбоого чакырды.

“Кемчиликтер бар, жок дебейбиз. Баары жипке тизгендей эмес, иштеген жерде кемчилик болбой койбойт. Бирок көч бара-бара түзөлөт да”, - деп белгиледи президент.

Бул контекстте ал мамлекет өзү 30 жылдан бери дээрлик эч нерсе курбаганын айтты. Акыркы беш жылда гана жолдорду, көп кабаттуу турак үйлөрдү жана башка объектилерди өз күчүбүз менен активдүү кура баштадык.

“Албетте, курулуштун кемчиликтери боюнча элдин сын-пикирлери, сунуштары сөзсүз каралат. Болгон кемчиликтери толукталат. Муну Мамлекеттик ипотекалык компания эске алып коюшу керек”, - деди Садыр Жапаров.

Ал сөзүнүн соңунда ар бир адам элдин жана Мекенин жыргалчылыгы үчүн ак ниет эмгектенсе, Кыргызстан өнүгүүнүн үстүндө болорун, калкыбыз бакубат өмүр сүрөрүн баса белгиледи.

Андан соң президент Садыр Жапаров Ош шаарынын тургунуна батирдин ачкычын тапшырды. Мындан кийин батирлерди жана турак жай комплексинин инфратүзүмүн көрүп чыкты.