Beeline дүйнө чемпионатын түз эфирде көрсөтүү укугуна ээ болду: "Укмуш ТВ" тиркемесинен көрүңүз

Бизнес Загрузка... 09 Июнь 2026 13:34
2560х1440_KG.png
copyright icon Beeline пресс-кызматы

Бишкек, 09.06.26. /Кабар/. Калыстын алгачкы ышкырыгы али жаңыра элек, ал эми 2026-жылдын футбол боюнча дүйнө чемпионаты азыртадан эле тарыхка кирүүдө. Анын өзгөчөлүгү — болуп көрбөгөндөй масштаб, жаңы рекорддор, кызыктуу дебюттар жана башка ушул сыяктуу "буга чейин мындай болгон эмес" деп ишенимдүү айта ала турган өзгөчөлүктөр.

Башкы футбол турнири биринчи жолу үч өлкөдө: АКШда, Канадада жана Мексикада өтөт. Дүйнө кубогу үчүн алгачкы жолу 48 команда ат салышат. Биринчи жолу дүйнөлүк аренага Борбордук Азиядан катышуучу — Өзбекстан курама командасы чыгат. Биринчи жолу күйөрмандарды мындай масштабдуу футбол марафону күтөт: 104 оюн, легендарлуу стадиондор жайгашкан 16 шаар жана дүйнө жүзү боюнча миллиондогон көрүүчүлөр.

Кыргызстан үчүн бул чемпионат да өзгөчө. Өлкө тарыхында биринчи жолу Beeline улуттук мобилдик оператору Кыргыз Республикасынын аймагында ОТТ (интернет аркылуу медиа контентти көрсөтүүчү кызматтар) аркылуу 2026 Футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүү укугуна ээ болду. Бул — футболдун бул ири окуясы көрүүчүлөргө заманбап санариптик форматта: «Укмуш ТВ» мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү болот дегенди билдирет.

Эми чоң футболго жакынырак болуу үчүн телевизордун жанында отуруунун кажети жок. "Укмуш ТВ" тиркемесиндеги "Кыргыз Спорт ТВ (FIFA 2026)" телеканалынан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын оюндарынын түз эфирин смартфонуңуздан көрүңүз.

Үйдө, жолдо, конокто же эс алууда — "Укмуш ТВ" менен сиз ар дайым окуялардын чордонундасыз жана чыдамсыздык менен күткөн беттештерди өткөрүп жибербейсиз. Беттештерди артка түрүп, жаздыруудан көрүңүз, сүрөттүн сапатын жөндөңүз жана оюндар тууралуу эскертмелерди алыңыз. Ошондой эле, смартфондон баштап телевизорго чейин 5 түзмөктү бир эле учурда туташтырып, үй-бүлөңүз үчүн контентти тандай аласыз.

«Укмуш ТВ» тиркемесин App Store же Google Play'ден жүктөп алыңыз. Сүйүктүү телеканалдарыңызды, тасмаларды, сериалдарды жана, албетте, 2026 ДЧ ыңгайлуу баада — суткасына болгону 3 сомдон көрүүдөн ырахат алыңыз. Ал эми алгачкы 7 күн бою тиркемени толугу менен акысыз колдоно аласыз!

Beeline менен эң ири футбол окуясынын бир бөлүгү болуңуз. "Укмуш ТВ" тиркемесинде гана кызыктуу беттештер сизди түздөн-түз смартфонуңуздун экранында күтөт!

Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.

"Укмуш ТВ" кызматынын алкагындагы телеканалдар, мазмун жана контент "Стрим Плюс" ЖЧКсы тарабынан көрсөтүлөт (КР МАС №21-0482-КР лицензиясы).

КРнын СӨжИТМге караштуу БТЖСККнын 21.12.2016-жылдагы №15-1420-КР, 21.12.2016-жылдагы №16-1526-КР, 17.09.2024-жылдагы №14-1102-КР, 04.11.2024-жылдагы №14-1125-КР, 18.08.2025-жылдагы №16-0089-КР, 06.10.2021-жылдагы №21-0489-КР жана 07.02.2020-жылдагы №20-0388-КР уруксаттамалары.