Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча чакан жана орто бизнестин туруктуу өнүгүү принциптерин өнүктүрүүгө жана илгерилетүүгө багытталган “ESG – лидер” улуттук сынагынын башталышы жарыяланды.
Сынактын уюштуруучулары – Жараталыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрилиги, “Элдик Банк” ААК, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана эл аралык Mastercard төлөм системасы.
Сынак экологиялык жоопкерчиликти, коомдук жигердүүлүк жана ачык-айкын корпоративдик башкарууну өнүктүрүүнү камтыган өз ишмердүүлүгүндө ESG мамилелерин ишке ашырган чакан жана орто бизнести аныктоого жана колдоого багытталган.
Тармактарына карабастан Кыргызстандын бардык аймактарынан чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү катышууга чакырылат. Негизги шарт - туруктуу өнүгүү чөйрөсүндө ишке ашырылган долбоорлордун же туруктуу өнүгүү демилгелердин болушу.
Сынак үч номинацияны камтыйт:
— “Жылдын эң мыкты климаттык долбоору”
— “Туруктуу өнүгүүдө жылдын инновациясы”
— “Аялдардын ишкердигиндеги эң мыкты жашыл долбоор”
Сынактык өтүнмө бир катар негизги критерийлер боюнча бааланат, анын ичинде климаттык көйгөйлөрдү чечүүгө бизнестин салымы, инновациялар, социалдык таасирлер, масштабдуулук потенциалы жана сунушталган демилгелердин каржылык туруктуулугу.
Катышуу үчүн сиз компаниянын ишмердүүлүгүн жана тиешелүү номинацияда сунушталган чечимди сүрөттөгөн онлайн арыз тапшырышыңыз керек.Тандоодон өткөн катышуучулар эксперттик комиссияга өз демилгелерин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Сынактын жыйынтыгы менен ар бир номинация боюнча жеңүүчү аныкталат. Ар бир жеңүүчүгө акчалай сыйлык 150 000 сомду түзөт.
Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 15 июнунан 15 июлуна чейин.
Сыйлоо аземи сынактын бардык катышуучуларын, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн чакыруу менен расмий иш-чаранын алкагында өтөт.
“ESG – лидер” сынагы Кыргызстанда жоопкерчиликтүү бизнес жүргүзүү маданиятын түзүүгө жана экономика менен коомдун узак мөөнөттүү өнүгүшүнө салым кошкон, туруктуу чечимдерди ишке ашырууга дем берүүгө багытталган.
Катышуунун толук шарттары жана сынактын эрежелери eldik.kg. сайтында жеткиликтүү.