Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Жашыл шаар" сынагынын жеңүүчүлөрүнө 50 миңден 220 миң сомго чейин акчалай сертификаттарды тапшырды.
Мэриядан билдиришкендей, катышуучулар беш номинация боюнча бааланды.
Белгиленгендей, быйыл биринчи жолу шаарды жашылдандырууга салым кошкон ишкердик объекттери да сыйланды.
Мэр шаарды көрктөндүрүүгө жоопкерчиликтүү мамиле кылган ишкерлер үчүн ижара келишимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.