Кыргызстандык студенттер эл аралык мелдеште жеңишке жетти

Билим
Кыргызстандык студенттер эл аралык мелдеште жеңишке жетти
Кыргызстандык студенттер эл аралык мелдеште жеңишке жетти
Кыргызстандык студенттер эл аралык мелдеште жеңишке жетти
Алдыга
Артка
Кыргызстандык студенттер эл аралык мелдеште жеңишке жетти
Кыргызстандык студенттер эл аралык мелдеште жеңишке жетти
Кыргызстандык студенттер эл аралык мелдеште жеңишке жетти
Алдыга
Артка
copyright icon КМТУ

Бишкек, 21.11.26. /Кабар/. И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин командасы Enactus World Cup 2026 дүйнөлүк кубогунда Early Stage категориясы боюнча Strongest Impact Potential номинациясында жеңишке жетишти. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара 16–19-ноябрда Бразилиянын Сан-Паулу шаарында өткөн.

Enactus World Cup — студенттик социалдык ишкердик жаатындагы дүйнөдөгү эң ири эл аралык мелдештердин бири. Быйыл дүйнөлүк кубокко 36 өлкөнүн командалары катышып, өздөрүнүн инновациялык долбоорлорун эл аралык калыстар тобуна, инвесторлорго жана дүйнөлүк бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнө сунушташты.

КМТУнун командасы кан донорлугун өнүктүрүүгө, донорлор менен кан куюуга муктаж адамдардын ортосундагы байланышты жеңилдетүүгө багытталган KanApp инновациялык санариптик платформасын тааныштырды.

Strongest Impact Potential сыйлыгы долбоордун социалдык маанисинин, өнүгүү келечегинин жана кеңири масштабда ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнүн эл аралык деңгээлде таанылгандыгын айгинеледи.

Кыргызстандын делегациясынын курамына И. Раззаков атындагы КМТУнун жана Ош мамлекеттик университетинин студенттери, академиялык эдвайзерлери жана өкүлдөрү, ошондой эле бизнес коомчулуктун жана Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү кирди.

Кыргызстандын мындай кеңири курамда катышуусу жаштар ишкердигин жана инновацияларды колдоо багытында жогорку окуу жайлар менен бизнес чөйрөсүнүн кызматташтыгы өнүгүп жатканын көрсөттү.

"КМТУнун Enactus World Cup 2026 дүйнөлүк кубогундагы жеңиши — университеттин гана эмес, бүтүндөй Кыргызстандын маанилүү жетишкендиги. KanApp долбоорунун эл аралык деңгээлде таанылышы кыргызстандык студенттик стартаптардын жогорку дараметин тастыктап, аларды дүйнөлүк деңгээлде өнүктүрүүгө жана жайылтууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат", - деп белгилешти окуу жайдан.