Кытайда билим алган эгиздер: бири чет өлкөдө иштеп, экинчиси мекенине кайтууну көздөйт

Маек
Кытайда билим алган эгиздер: бири чет өлкөдө иштеп, экинчиси мекенине кайтууну көздөйт
copyright icon каармандын өздүк архивинен

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Чет өлкөлөрдө билим алып, жаңы тажрыйба топтоп жаткан кыргызстандык жаштардын катарын эгиз бир туугандар Нурсултан жана Бексултан Сталбековдор да толуктайт. Учурда алар Кытайдын Карамай шаарындагы Кытай мунай университетинде билим алып жатышат. Эгиздер чет өлкөдө окуунун өзгөчөлүктөрү, студенттик жашоосу жана келечекке койгон максаттары тууралуу “Кабар” агенттигине маек беришти.

— Кытай өлкөсүн жана бул окуу жайды тандаганыңарга эмне себеп болду? Кайсы адистик боюнча билим алып жатасыңар жана окууну аяктагандан кийин кайсы кесиптин ээси болосуңар?

— Нурсултан: Азыр Кытайдын Карамай шаарындагы Кытай мунай университетинде бакалавриатта билим алып жатабыз. Адистигим — программалык инженерия. Бул өлкөнү тандаганымдын себеби — анын технологиялык жактан абдан өнүккөндүгү жана келечекте көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү сунуштаганы. Ал эми университет мени билим берүүсү, кенен кампусу жана жатаканасы менен кызыктырды.

Кытайда билим алган эгиздер: бири чет өлкөдө иштеп, экинчиси мекенине кайтууну көздөйт

— Бексултан: Мен болсо бул окуу жайды сапаттуу билим алуу, башка маданият менен таанышуу жана кытай тили боюнча билимимди жакшыртуу үчүн тандадым дейт элем. Учурда экономика адистиги боюнча билим алып жатам.

— Бул университетке тапшыруу оңой болдубу? Ага өтүү үчүн кандай талаптар менен шарттар коюлат экен?

— Нурсултан: Тапшыруу анчалык деле оңой болгон жок, бирок өтө кыйын да эмес. Кирүү үчүн тест тапшырып, бир катар документтерди даярдаш керек болду. Мисалы, аттестат, соттолбогондугу тууралуу, медициналык маалымкаттар жана мектептен мүнөздөмө талап кылынды.

Андан сырткары, тил даярдыгына да өзгөчө көңүл бурулду. Атап айтканда, бакалавриатка тапшыруу үчүн кытай тилин билүү деңгээлин тастыктаган сертификат керек болду. Биз алгач даярдоо курсунда окуп, кытай тилин үйрөндүк. Азыр аны аяктап, бакалаврга өттүк.

— Университетте окуу кандай өтүп жатат? Сабактардын форматы, окутуу системасы Кыргызстандагы окуу жайлардан эмнеси менен айырмаланат экен?

— Нурсултан: Бизде күнүнө орто эсеп менен 3 жуп сабак болот. Ар бир сабак 45 мүнөттөн өтүлөт, ортосунда тыныгуулар бар. Үй тапшырмалары көп берилет, ошондуктан сабактан кийин да өз алдынча окуу керек.

Менимче, бул жерде окуу Кыргызстанга караганда бир аз кыйыныраак. Себеби кытай тилинде окугандыктан, тил жагынан кыйынчылыктар болбой койбойт.

Кытайда билим алган эгиздер: бири чет өлкөдө иштеп, экинчиси мекенине кайтууну көздөйт

— Бексултан: Окуу кызыктуу, бирок кээде бир аз кыйынчылыктар да болот. Бул жерде өз алдынча иштөөгө, практикалык сабактарга жана тартипке көп көңүл бурулат экен. Ошондой эле башка окуу системасына көнүп, санариптик платформаларды көбүрөөк колдонууга туура келет.

— Окуу бир гана кытай тилинде жүргүзүлөбү? Тил жагынан кыйынчылыктар болгон жокпу?

— Нурсултан: Сабактар негизинен кытай тилинде өтүлөт. Эгер бир нерсени түшүнбөй калсак, мугалим англис тилинде да түшүндүрүп берет. Башында түшүнүү бир аз кыйын болду. Бирок убакыт өткөн сайын бул тилди жакшыраак өздөштүрүп келе жатам. Азыр деле айрым кыйынчылыктар бар, бирок жалпысынан түшүнө алам.

- Бексултан: Тил курсунда сабактар англис тилинде өтүлчү, ал эми бакалавриатта толугу менен кытай тилинде өтүп жатат. Албетте, башында бир аз кыйынчылыктар болду. Айрыкча окутуучуларды түшүнүүдө жана жаңы терминдерди үйрөнүүдө кыйналдым. Бирок бара-бара жеңилдеп келе жатат. Эң негизгиси — дайыма машыгуу жана ката кетирүүдөн коркпоо керек.

— Окуу жайда чет өлкөлүк студенттер үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн? Стипендия же грант алуу мүмкүнчүлүгү барбы?

— Нурсултан: Чет өлкөлүк студенттер үчүн өзүнчө бөлүм бар. Алар бизге документтер боюнча жана башка маселелерде жардам беришет. Университетте ар кандай иш-чаралар да өткөрүлүп турат. Ошондой эле студенттер үчүн стипендия алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Кытайда билим алган эгиздер: бири чет өлкөдө иштеп, экинчиси мекенине кайтууну көздөйт

— Бексултан: Университет чет өлкөлүк студенттерге эл аралык чөйрөдө билим алууга, ар кандай иш-чараларга катышууга, Кытайдын жана Синьцзяндын маданияты менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт. Биз толук гранттын негизинде окуйбуз. Окуу акысы менен жатакана акысыз.

— Окуу жана жашоо чыгымдары кандай болууда?

— Бексултан: Чыгымдар ар бир адамдын жашоо образына жана жеке муктаждыктарына жараша болот. Негизги чыгымдар тамак-ашка, жатаканага, транспортко жана күнүмдүк керектөөлөргө кетет. Биз алган 1000 юань стипендия күнүмдүк негизги чыгымдарды жабууга жардам берет. Жалпысынан акчаны туура пландаштырсаң, үнөмдүү жашоого болот.

— Студенттик жашоо кандай өтүүдө? Сабактан тышкары кандай иш-чараларга катышасыңар?

— Нурсултан: Көбүнчө эртең менен саат 8:30да турам. Сабактардан кийин спорт залга же китепканага барам. Кээде шаарга чыгып эс алам же жатаканада убакыт өткөрөм. Университеттеги иш-чараларга да катышып турам. Бош убактымды көбүнчө чет өлкөлүк студенттер жана кыргыз досторум менен өткөрөм.

— Бексултан: Адатта эртең менен саат 8де туруп, сабакка барам. Окуудан кийин үй тапшырмаларын аткарам, өтүлгөн темаларды кайталайм жана кытай тилин үйрөнүүгө убакыт бөлөм. Бош убактымда спорт менен машыгуу үчүн залга барам. Ошондой эле университет мезгил-мезгили менен ар кандай иш-чараларга катышууну сунуштайт.

Кытайда билим алган эгиздер: бири чет өлкөдө иштеп, экинчиси мекенине кайтууну көздөйт

— Окууну аяктагандан кийин Кыргызстанга кайтуу пландарыңар барбы?

— Нурсултан: Азырынча так чече элекмин. Балким, Кытайда же башка өлкөдө иштеп көрөм. Келечекте IT тармагындагы жеке компаниямды ачсам деген да максатым бар. Азырынча эң негизгиси — жакшы билим алып, тажрыйба топтоо.

— Бексултан: Ооба, окууну аяктагандан кийин Кыргызстанга кайтууну пландап жатам. Кытайда алган билимимди жана тажрыйбамды өз өлкөмдүн өнүгүшүнө жумшагым келет. Келечекте Кытай менен Кыргызстандын ортосунда көпүрө болуп, эки өлкөнүн экономика, билим берүү жана бизнес тармактарындагы кызматташтыгын өнүктүрүүгө салым кошкум келет.

— Башка чет өлкөлөрдө жогорку окуу жайларына тапшырууну максат кылгандарга кандай кеңештерди берет элеңер?

— Нурсултан: Менин кеңешим — чет өлкөгө кетүүдөн коркпогула, жаңы нерселерди үйрөнүүдөн жана кыйынчылыктардан коркпогула. Башында баары кыйын болушу мүмкүн, бирок убакыт өтүшү менен көнүп кетесиңер. Ошондой эле тил үйрөнүүгө көбүрөөк көңүл буруп, убакытты туура пайдаланып, окууга жоопкерчилик менен мамиле кылгыла. Эң негизгиси, максатыңардан баш тартпагыла.

— Бексултан: Чет өлкөгө чыгып окуудан жана кыйынчылыктардан коркпогула деп кеңеш берет элем. Өзүңөргө ишенгиле, окууга алдын ала даярдангыла жана жаңы маданиятка, жаңы чөйрөгө көнүүгө даяр болгула. Чет өлкөдө жашоо чоң тажрыйба берет жана адамды өз алдынча болууга үйрөтөт. Ошондой эле бул — өзүңдү өнүктүрүүгө, жөндөмүңдү көрсөтүүгө жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жакшы шарт.