Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун студенттери айыл чарба малдары үчүн атайын GPS-белги иштеп чыгышты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине студент Альбина Гадайбаева билдирди.
Анын айтымында, түзмөк малдын жайгашкан жерин көзөмөлдөөгө, абалын текшерүүгө жана жайыт үчүн виртуалдык чек араларды белгилөөгө мүмкүндүк берет.
Ал белгилегендей, белги GPS-трекер жана малдын жүрөк кагышын, дене табын өлчөөчү сенсорлор менен жабдылган. Түзмөк күн панелдери аркылуу иштейт. Иштеп чыгуучулардын алдын ала эсептөөлөрү боюнча, бир жолу кубатталгандан кийин болжол менен алты-жети жума иштей алат.
"Долбоордун дагы бир өзгөчөлүгү — мал жаюу үчүн виртуалдык чек араларды белгилөө мүмкүнчүлүгү. Эгер мал белгиленген чек арадан чыгып кетсе, белги ага алсыз электр импульсун берет", — деди Альбина Гадайбаева.
Ал долбоор азырынча ишке ашырыла электигин белгиледи. Иштеп чыгуучулардын долбоорго арналган даяр сайты бар. Бирок долбоорду ишке ашыруу үчүн алар демөөрчүлөрдү издеп жатышат.