Студенттерди аймактарга ротациялоо элдин биримдигин бекемдейт – Жантаев

Коом
Студенттерди аймактарга ротациялоо элдин биримдигин бекемдейт – Жантаев
copyright icon KABAR Кабар

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 23-октябрь. /Кабар/. ”Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы“ медиа долбоорунун алкагында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Элчибек Жантаев студенттер менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Жолугушууда ал президенттин студенттерди өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарындагы жогорку окуу жайлар арасында ротациялоо демилгесине токтолуп, аны колдой турганын билдирди.

Анын айтымында, жаштардын башка аймактарда билим алышы алардын көз карашын кеңейтип, өлкөнүн ар кайсы бөлүгүнүн өзгөчөлүктөрү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Мындай тажрыйба аймактар аралык байланышты чыңдоого жана жаштардын биримдигин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Жантаев студенттерди ротациялоо учурунда стипендия жана башка колдоо чараларын караштыруу маанилүү экенин белгиледи. Анын пикиринде, жаштарга башка аймактарда билим алууга шарт түзүү алардын жаңы тажрыйба топтоосуна жана өлкөнүн бардык аймактарын жакындан таануусуна жардам берет.